Биз менен байланышыңыз

Балдарды мектепке электрондук каттоого өзгөртүүлөр кирди

19-февраль күнү Билим берүү жана илим министрлигинин жана Бишкек шаардык билим берүү департаментинин өкүлдөрү электрондук каттоо системасы тууралуу жана былтыркыга салыштырмалуу бул жаатта айрым өзгөрүүлөр болгондугу боюнча кеңири маалымат беришти. Ага ылайык, ар бир ата-эне смартфондун жардамы менен министрликтин сайты аркылуу жеке кабинет ачып, баласын өзү каттата алат. Каттоо мурдагыдан айырмаланып 1 этап менен ишке ашат.


2020-2021-окуу жылы үчүн балдарды 1-класска кабыл алуу боюнча электрондук каттоо долбоору ушул тапта Ош, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя, Кара-Балта жана Токмок шаарларында ишке ашырылууда. Даярдоо иштери соңуна келип, мектептердеги орундар тууралуу маалыматтар чогултулду. Өткөн жылы балдарды каттоо эки этап менен ишке ашса, быйыл бир этап менен өтөт. Катталуу ушул жылдын 15-августуна чейин уланат. Бул тууралуу министрликтин мектеп жана мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Айнура Кусеинова билдирди:

— Быйыл комиссиянын ишин жойдук. Анткени ата-энелерден райондун борборлорунда түзүлгөн комиссияга көп кайрылуу болуп, адистер үчүн чоң иш болгон. Мындан сырткары, комиссия текшерет дегенде электрондук кезекке турбай койгон учурлар катталды. Ошондуктан комиссиянын ишин токтоттук. Ата-энелер өздөрү эле арыз менен билим берүү борборлоруна кайрылса болот. Ата-эне мектепти кааласа, микро участок, кааласа, андан тышкары тандайт. Буга мөөнөт да жетиштүү.  

Айнура Кусеинова жаңы окуу жылы үчүн электрондук каттоо үстүбүздөгү жылдын 15-февралында башталгандыктан, ага чейин катталган балдар боюнча ата-энелер маалыматтарды өзгөртүүгө тийиш экенин эскертти:

— Биринчи класска кабыл алуу бир окуу жылына гана жүргүзүлөт. Алдын ала жазылууга болбойт. Андыктан ата-энелер каттоодо жылдарга көңүл бөлсө… 

Маалыматка ылайык, 2020-2021-окуу жылына карата Бишкек шаарында 17 миң 685, Ошто 8 миң 502, ал эми калган үч шаарда миңден ашуун квота бөлүнгөн. Квоталар мектеп директорлору, райондук билим берүү борборлорунун жетекчилери тарабынан аныкталган.

Быйыл борбор калаада 91 мектеп электрондук каттоо системасына катышууда. Система 1-класска балдарды кабыл алууну жеңилдеткенин Бишкек мэриясынын берүү башкармалыгынын адиси Чынара Исакова кабарлады:

— Ар бир мектепке бекитилген микро участоктор бар. Ал жерде канча бала жашайт, анын канчасы мектепке кирет деп жыл сайын анализ жасалат . Маалыматтардын негизинде квоталарды бекиттик. Ар бир мектеп микро участок жана андан сырткары, да балдарды ала алышат. Буга кошумча быйыл орус тилдүү мектептер милдеттүү түрдө кыргыз класстарын ачышты. Учурда ар бир мектепте паралелдүү түрдө эки каттоо жүрүп жатат. Бир да бала мектепке кирбей калбайт.

Бир жуманын ичинде ата энелнин жеке кабинети толук иштей баштайт. Натыйжада, ата-эне берген арызын өзү өзгөртүүгө укуктуу боло алат. Бирок системага жасалма маалымат киргизип, орундарды сатуу фактысынын алдын алуу максатында кошумча чаралар иштелип чыгат. Тагыраагы, ата-эне маалыматты канча жолу, кандай негизде өзгөрткөнү жазылып алынат. Эгерде мыйзамсыз аракеттер байкалса, система арызды кабыл алууга бөгөт коёт. Бул тууралуу долбоорду ишке ашыруучу компаниянын директору Азамат Абдраев маалымдады.

— Системада кандай документ болбосун, аты-жөнү өзгөрүлгөнү жазылып турат. Эгерде ата-эне паспорттун номуру менен анын сүрөтүн өзгөртчү болсо, система арыз берүүчүнүн ишине бөгөт коёт. Анткени ал шектүү аракет катары эсептелет. Блоктолгон арыздарды бир карап, себебин анализдеп турабыз. Орундарды сатып алуу мүмкүнчүлүктөрүн карап, аны жоюп, мындай аракеттерге тыюу салууга болот. 

Мектепке электрондук каттоо боюнча ата-энелердин суроолоруна жооп берүү үчүн министрлик маалыматтык борборду ишке киргизди. Анда жалпысынан 8 кызматкер тейлейт.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова электрондук каттоо системасы балдарды 1-класска кабыл алууда коррупциялык схемаларды азайтып, ата-энелер үчүн да ыңгайлуу шарт түзөрүн белгилейт:

— Ар кандай мыйзам бузуулар, коррупциялык элементтер болбосун деп ачык-айкындуулукту камсыз кылуу максатында долбоорди ишке киргизгенбиз. Ата-энелер мектеп, андагы бош орундар тууралуу маалымат ала алышат. Эч кандай адамдык фактор аралашпай, баарын программа аныктайт. Бирок прогрмма 20-30 жыл иштеп, толук калыптана элек. Андыктан система техникалык жакшыртууга муктаж. 

Айта кетсек, мектепке электрондук каттоо боюнча пилоттук долбоор 2019-2020-окуу жылында Бишкек шаарында башталган. Натыйжада, бул ыкма аркылуу борбор калаадагы мектептердин биринчи классына 19 126 окуучу кабыл алынган.

Copyright © 2017 Maral FM