Биз менен байланышыңыз

Ат-Башыдагы логистикалык борбор: Өкмөт милдетин аткара алган жок

Саясат , Экономика | 18 Фев 2020 | 885 | 0

Ат-Башыга Логистикалык борборун куруу долбоору аргасыздан токтотулду. Логистикалык борборду кура турган «Ат-Башы Кыргыз-Кытай эркин соода аймагы» компаниясы долбоорду жабуу чечимин кабыл алган.  Мындан сырткары, Инвесторлор буга чейин жердин ижара акысына төлөнгөн 43 миллион сомдон ашык каражатты кайтаруусун сураган. Нарынга курулчу логистикалык борборго жалпысынан 280 млн доллар инвестиция салынмак.

Ат-Бышадыга логистикалык борбор ачылбай туруп, жабылды. Жергиликтүү эл борбордун курулушуна каршы бир нече акцияларды өткөргөн. Мындан улам «Ат-Башы Кыргыз-Кытай эркин соода аймагы» Жоопкерчилиги Чектелген коому долбоор токтотулганы тууралуу билдирүү таратты. Инвестор Эмил Абдыкадыров “мындай кырдаалда долбоордун үстүндө узак мөөнөттүү иштөө мүмкүн эмес”, — деп эсептейт.

-Индустриалдык-соода-логистикалык борбордун курулушуна биз 280 млн АКШ долларын салууну пландап жатканбыз. Бул каражаттар компаниянын жеке ресурстарынын эсебинен бөлүнүп жаткан жана бул инвестициялар боюнча Кыргызстандын өкмөтү бизге эч кандай кепилдик берген эмес. Логистикалык борбордун курулушунун жүрүшүндө жана ал иштеп баштаганда орто эсеп менен эле алганда 15 миңден кем эмес жумушчу талап кылынган, ал эми ар түрдүү деңгээлдеги бюджеттерге алгачкы 8 жылда салык жана эмгек акылар чегерүүлөр түрүндө бир нече миллиард сом түшмөк. Тилекке каршы, Ат-Башы районунун жашоочуларынын арасында долбоорго карата терс мамиле түзүлүп, каршылык акциялар өткөрүлдү. Жергиликтүү элдин бир бөлүгү Логистикалык борбордун курулушуна каршы чыгып жатканда биз узак мөөнөттүү долбоордун үстүндө иштөөгө мүмкүн эмес деп эсептейбиз жана долбоорду жабуу чечимин кабыл алууга мажбурбуз.

Буга кошумча компания акыркы бир нече айда Орусия, Беларуссия, Бириккен Араб Эмираттарынын, Түркиянын жана башка Европа жана Азия өлкөлөрүнүн ири компаниялары менен Логистикалык борбордун аймагына заманбап, жогорку технологиялык, экологиялык өндүрүштөрдү алып келүү боюнча макулдашуулар жүргөнүн айткан. Эгерде баары долбоор жабылбаганда, жакынкы мезгилде бир катар эл аралык компаниялардын өкүлдөрү Ат-Башы районуна барышмак.

Демек, Кыргызстан чоң инвестордон кол жууду десек болот. Долбоордун мындай жыйынтыкталышына депутат Эмил Токтошев “түшүндүрүү иштери толук жүрбөй, борбордун географиялык жайгашуусу туура эмес тандалган”, — деп эсептейт.

-Башынан долбоорго кол коюлганда, пландалып жаткан жердин саясий-географиялык абалы эске алынган эмес. Кытайга жакын аймакка пландаштырылган. Эл менен макулдашылган эмес. Бул өтө чоң инвестиция болчу. Албетте, инвестициялык климатка терс таасирин тийгизет. Өкмөт туура иш алып барганда өзүн-өзү актай турган чоң долбоор болчу.

«Ат-Башы» логистикалык борборуна жалпысынан 280 млн доллар инвестиция салынары кабарланган. Аталган долбоор үчкө бөлүнгөн: индустриялык тармак, соода жана логистика тармагы. Деген менен чет элдик инвесторлор ассоциациясынын башчысы
Кайрат Итибаевдин пикиринде долбоор башынан чийки болгон.

-Бизнес жаатынан алып карасак, бизге түшүнүксүз жагдайлар бар эле. Пландалаган жер элден алыс жайгашкан. Климаттык шарттары абдан суук. Эмне өндүрмөк? Кайсы сырьёну иштетмек? Мага түшүнүксүз. Талаада ушундай логистикалык борбордун уюштурулушу өзүнчө күмөн суроо жаратпай койбойт. 15 миңдей жумушчу орун пайда болору айтылган. Анда 15 миң кишиге өзүнчө шаар курулушу керек эле. Өндүрүштүк инфраструктурадан тышкары социалдык инфраструктура болуусу керек. Ушундай суроолор көп.

Ал арада «Нарын» эркин экономикалык аймагынын (ЭЭА) башкы директору Артур Байтереков инвестордон алынган каражатты кайтаруу боюнча өкмөткө кат даярдалып жатканын билдирген. Себеби буга чейин айыл чарба жоготууларынын ордун толтуруу иретинде инвестор тарабынан 43 миллион сомдон ашык каражат төлөнгөн. Эми минтип долбоордун токтотулушуна жергиликтүү элди күнөөлөгөндөр бар. КТРКнын мурунку жетекчиси, активист Илим Карыпбеков бул пикирге кошулбайт. Анын белгилешинче, элге түшүнүксүз болгон жагдайларды элге түшүндүрүү менен инвесторго тиешелүү деңгээлдеги шартты түзүү өкмөттүн мойнунда.

-Бул долбоордун Кыргызстанга пайдасы зор экенин белгиледи. Экономикалык долбоор болуп, инвесторлор келип жаткандан кийин, аларга да кепилдик менен жерди ижарага бербей коюу мүмкүн эмес. Аны түшүнгөндөн кийин өкмөт ошол жерге барып, алдын ала түшүндүрүү иштерин толук жүргүзүшү керек эле. Жер кандай шартар менен берилет? Кийин кандай механизмдер менен кайтарып алса болот? Ошонун баарын түшүндүрүү зарыл эле. Бул жерде элдин күнөөсү жок! Эл күнөөлүү болушу мүмкүн да эмес. Өкмөт түшүндүрүү үчүн өкмөт да. Айтыш керек, түшүндүрүш керек, жеткиликтүү маалымат бериш керек. Эми бул жыйынтыктын инвестициялык климатка да терс таасири болот.

2019-жылдын июнь айындагы Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин сапарынын алкагында өткөн кыргыз-кытай бизнес форумунда КР ишкерлери менен КЭР ишкерлеринин ортосунда келишимге кол коюлган. Ага ылайык, 200 гектарлык логистикалык борбор курулмак.

Комплекс салына турган жер Ат-Башы районунун борборунан күн батышты көздөй 44 чакырым алыстыкта, Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун боюнда, чек арадан 110 чакырым алыстыкта жайгашмак. Бирок, жергиликтүү элдин каршылыгынан улам Ат-Башыга Логистикалык борбор куруу долбоору токтотулду.

Copyright © 2017 Maral FM