Биз менен байланышыңыз

Президент Коопсуздук кеңешинин чечимдерин ишке ашыруу үчүн бардык чараларды көрүүнү тапшырды

Кыска кабар | 17 Фев 2020 | 527 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-февралда Күч түзүмдөрүнүн башчылары менен ушул жылдын 24-январындагы Коопсуздук кеңешинин чечимдеринин ишке ашырылышын талкуулады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Талкууга Коопсуздук кеңешинин катчысы, Башкы прокурор, Ички иштер министри жана Өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы катышты.

Укук коргоо органдарынын бардык кызматкерлерине кызматтык тартипти бузууга жана бүтүндөй системанын беделин түшүрүүгө жол бербөө белгиленди. Өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин чечимдерин ишке ашыруу үчүн бардык чараларды көрүү тапшырылды.

Президент Кыргыз Республикасын Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук Кеңешине караштуу Өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча Комитетинин экинчи жыйынынын алкагындагы бизнес өкүлдөрү менен жолугушуунун жүрүшүндө ишкерлер өлкөнүн бизнес-чөйрөсүн түйшөлткөн бир катар маселелерди көтөргөнүнө токтолду.

Ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча көрүлүп жаткан чараларга карабастан, бизнес тараптан күтүлгөндөй жигердүүлүк байкалбаганын, бул укук коргоо жана текшерүүчү органдар тарабынан негизсиз текшерүүлөрдүн жана кысым көрсөтүүлөрдүн дагы эле болуп жатканы менен да шартталарын белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков укук коргоо органдары менен көзөмөл органдары ак ниет ишкерлерге колдоо көрсөтүп, мыйзамсыз текшерүүлөр боюнча фактылар аныкталса, тиешелүү чараларды көрүү, буга бөгөт коюуга багытталган ыкчам аракеттер көрүлүшү зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле ал укук коргоо органдары менен бизнес-түзүмдөрүнүн өз ара мамилесин жакшыртуу жаатында мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн маанилүү экенин баса белгиледи.

Мындан тышкары, Мамлекет башчысы укук коргоо органдары коррупция жана экономикалык кылмыштар менен күрөшүүдөн түшкөн акча каражаттары үчүн ачылган Бирдиктүү депозиттик эсепке акча которууну өз ара жарышкансып, статистикалык көрсөткүчтөрүн жакшыртуу максатында көпчүлүк учурда бизнестин укуктарын бузууга барып жатышкандары тууралуу көптөгөн ишкерлерден арыздануулар түшкөнүн айтып, буга жол берилбеши керектигин баса белгиледи.

Өлкөнүн ишкерлер чөйрөсүнүн пикирлерин эске алуу менен Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин катчысына Бирдиктүү депозиттик эсептин иштөөсүнүн максаттуулугу жөнүндө маселени кароо тапшырмасын берди.

Мындан тышкары, Президент Коопсуздук кеңешинин катчылыгына укук коргоо органдары менен бирге экономикалык кылмыштардан мамлекетке келтирилген материалдык чыгымдарды ордуна келтирүүдөн түшкөн каражаттын эсебинен укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө дем берүү жөнүндө Жобонун ченемдерин колдонуунун максатка ылайыктуулугун карап, сунуш берүүнү тапшырды.

Коопсуздук кеңешинин катчысына ордуна келтирилген финансы каражаттарынын баары түздөн-түз республикалык бюджетке түшүүсүн шарттаган механизмди иштеп чыгуу тапшырылды.

Copyright © 2017 Maral FM