Биз менен байланышыңыз

Олимп оюндарынын формасы коомчулуктун талкуусунда

Кыска кабар , Спорт | 17 Фев 2020 | 706 | 0

Быйыл Япониянын Токиодогу Олимпиада оюндарына бара турган Кыргызстандын курамасынын кийимин кытайлык Tectop компания тигип берет. Кыргызстандык Bigser Sport компаниясы эрежелерге баш ийбегендиктен улам спорттук форманы тикпей турганын маалымдады. Ал эми параддык форма үчүн 5 млн сомго тендер өткөрүү пландалууда. Эгерде ата мекендик ишканалардан форманы акысыз тигүү боюнча сунуш түшсө, 5 млн сом башка спорттук иш-чараларга колдонулат. Азырынча эч бир компания сунушун киргизе элек. Бирок коомчулук Кыргызстандын курамасынын кийимин кытайлык ишкананын тигүүсүн сындап, ата мекендик өндүрүш колдоого алынбай жатканы айтылууда. Ал эми жергиликтүү ишканалар Олимпиада оюндары үчүн кийим тигүүгө дарамети жетеби? Алар өкмөттүн саясаты тууралуу кандай ойдо?


Кыргызстандык Bigser Sport компаниясы эрежелерге баш ийбегендиктен быйыл Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына спорттук форманы тикпейт. Ага компаниянын 2012-жылы Лондондо өткөн Олимпиада оюндарына тиккен кийимдеринде кетирген бир нече кемчиликтер себеп болду. Бул тууралуу Кыргызстандын улуттук олимпиадалык комитетинин башкы катчысы Саламат Эргешов билдирди:

— Bigser Sport биздин эрежелерди укпай, спорттук кийимге Олимпиада комитетинин эмблемасын коюп койгон. Жарнама, брендди жайгаштыруу боюнча эрежелерди сактаган эмес. Мындан сырткары, форманын жарымын өз учурунда тигип берген эмес. Андыктан биз аталган компания менен спорттук кийимди тигүү боюнча иштешпей калдык. Bigser Sport компаниясы 2012-жылга чейин кыргызстандык спортчулардын спорт кийимдерин тигип келген.

Маалыматка ылайык, спортчулардын кийимин кытайлык Тectop компаниясы акысыз тигип берет. Ата-мекендик компанияларга 2016-жылы Улуттук олимпиада комитети демөөрчүлүк программасын жарыялап, анда Tectop жеңип чыккан.

Комитеттин талабы боюнча компания алгач Азия оюндарына, кийин жаштар арасындагы олимпиада оюндарына бекер спорттук форма тигиши керек. Андан кийин гана Олимпиадага кийим тигүүгө уруксат алат.

Кытайлык компания Индонезияда өткөн Азия оюндарына 250, жаштар арасындагы олимпиадага 50 комплект спорттук кийим тигип берген. Эми Токиодогу оюндарга дизайн конкурсу жыйынтыкталгандан кийин спорттук кийимдерди тигип беришет. Олимпиадага бара турган спортчулардын спорттук кийимдеринин дизайнын тандоо конкурсу февралдын соңунда жыйынтыкталат. Саламат Эргешов акысыз спорттук кийим тигүү боюнча жергиликтүү компаниялардан сунуш түшпөгөнүн белгиледи:

— Дизайн жумуштарын «Тectop» компаниясына жиберебиз. Алар биз берген дизайн боюнча тигип башташат. Компания спортсмендерди жана алардын машыктыруучуларын кийинтет. Жалпысынан 100дөй комплект болот го. Тectop олимпиадага барган делегацияны форма менен акысыз негизде камсыз кылат. 

Бирок бул маселе коомчулукта ата-мекендик ишканалар турганда, эмне себептен чет элдик компания спорттук кийим тигиши керек? Улуттук өндүрүштү колдоо кайда деген өңдүү нааразычылыктарды жаратууда. Маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлүп, эл өкүлү Наталья Никитенко бул жагдайды катуу сынга алган:

— Мекенчилдик дегенде эмнени түшүнөбүз? Жөн гана Кыргызстанда төрөлдүм деп көкүрөк кагуу жетишсиз. Аны конкреттүү аракеттерге байланыштыруу зарыл. Олимпиада оюндары үчүн парадык формага тендер жарыяланып, ага 5 млн сом коротулат. Эмне 5 млн сом спорт казынасы үчүн ашыкчабы? Ошол каражатты спортчулардын даярдыктарына колдонууга болбойбу? Муктаждык абдан көп да. Эмне үчүн ата мекендик өндүрүшчү форма менен акысыз камсыздоону сунуштаса, өкмөт 5 млн сомго тендер жарыялайт.

Бирок Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигине параддык формага каралган 5 млн сом бөлүнө элек. Мындан улам, азырынча тендер өткөрүлө элек. Бул тууралуу аталган агенттиктин маалымат кызматынын жетекчиси Нурпери Садырбекова «Маралга» билдирди:

— Параддык формаларды бекер тигип берүүнү каалаган компаниялар үчүн эшигибиз ачык. Алар сунуштары менен келсе, формага кете турган каражатты спортчулардын медициналык кароосуна, башка даярдыктарына колонмокпуз. Бирок азырынча кагаз түрүндө да сунуш түшө элек. Эгерде март айына чейин сунуш түшпөсө, тендер өткөрүлөт. Ага бардык кызыкдар тараптар катыша алат.  

Мамлекет ар дайым ата мекендик өндүрүштү колдоп келет. Алсак, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги 2015-жылга чейин жергиликтүү өндүрүшчүлөр менен тыгыз байланышта иштеди. Башкача айтканда, «Мамлекеттик сатып алуу жөнүндө КРдин мыйзамы» чыккандан бери спорттук кийимдер тендер аркылуу тигилип жатат. Анда да ата мекендик өндүрүшчүлөр четте калган жок. Бул боюнча аталган агентиктин спорттогу жогорку жетишкендиктерди анализдөө жана өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Марат Аскарбеков билдирди:

— Тендерде ата мекендик өнүдүрүшчүлөр калып калган жок. Өткөн жылы кышкы универсиадага «Bigser Sport» компаниясы менен келишим түзүп, иштешкенбиз. Андан сырткары, Андан кышкы Азия жаштары оюндарына алып барганбыз. Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына дагы параддык форманы этно стилде тиктирип, «Чапан КЖ» өндүрүшүнөн сатып алганбыз. Алардын баары тендердин жыйынтыгы менен ишке ашырылган. 

Ал эми «Cool bros» компаниясынын сатуу бөлүмүнүн башчысы Кубаныч Макеровдун пикиринде өлкөдө ишканалар спорттук кийим тигүү потенциалына ээ. Бул багытта өкмөт жергиликтүү өндүрүшчүлөргө шарт түзүп, мүмкүнчүлүк бериши зарыл. Ошондо гана тажрыйба топтолуп, эл аралык рынокко чыгууга өбөлгө түзүлөт. Экспорт өссө, жумушчу орундар кеңеймек.

— Бизде 3 миңге жакын тигүү цехи бар. Бирок алардын баары спорттук кийим тиге албаса да, арасында атайын жабдыктары бар мекемелер бар. Өкмөт талаптарды көрсөтүп, ата мекендик бир-эки фирманы колдосо жакшы болмок. Биз тажрыйба топтоп, бара-бара башка фирмалар да бизге буюртма бере баштамак. Менимче, спорттук кийимдерди тигүү дароо эле чет өлкөлүк компанияга берилип, сүйлөшүлгөндөй. Балким, маселени тигүү цехтерин билбеген кишилер эле бүтүрүп коёбу? Тендер уюштурулса, биз катышабыз. 

Кошумчалай кетсек, Олимпиада оюндарында Кыргызстан спорттун 13 түрү боюнча 21 лицензия алууну пландап жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM