Биз менен байланышыңыз

Рыскүл Матмусаева: «Бухгалтердик кесибимди таштап, гүл өстүрүүчү болуп кеттим» (видео)

Коом | 13 Фев 2020 | 1163 | 0

Гүл өстүрүүчү, “Бишкек жашыл-чарба” муниципалдык ишканасынын кызматкери Рыскүл Матмусаева кесиби боюнча бухгалтер, бирок учурда “Бишкек айыл-чарба” муниципалдык ишканасында 10 жылдан бери эмгектенип келет.

Марал: Өзүңүз жөнүндө кыскача айтсаңыз, муниципалдык ишканага келгенге чейин кайсы иш менен алек болдуңуз?

-Бишкекке келип Техникумда бухгалтердик окуу жайга тапшырып, окууну бүтүрдүм. 8-9 жыл кесибим боюнча иштедим. Союз тарагандан кийин кесибим менен иштебей калдым. Үй-бүлөбүз менен Бишкеке көчүп келип, чогуу бизнес кылсакпы деп ойлоп, өзүнчө эт сатып соода кылдык.

Марал: Бишкек жашыл чарба ишканасында канча жылдан бери иштейсиз? Бул жерге кантип келип калдыңыз?

-Бишкек жашыл–чарба муниципалдык ишканасына таанышым иштегендиктен мени жумушка чакырды. Өзүм гүл өстүрүүгө кызыкканым үчүн жумушка барып көрдүм. Ошону менен мына 10 жылдын жүзү болду, иштеп калдым. Өзүм жаш кезимден эле гүл өстүрүүгө кызыгам.

Марал: Өз кесибиңиз менен иштөөгө аракет кылдыңызбы?

-Биз Союз убагында счет менен иштейт элек, азыркыдай компьютер жок. Бул кесибимди жакшы көрөм, эсепке тыңмын десем болот. Бирок азыркы компьютерди билбегеним үчүн, жумушка орношо албадым. Анан жашым да бир топко келип калды, барып окугандан уялдым. Мен өзүм гүл өстүрүүгө кызыкканым үчүн ушул жерде иштеп калдым.

Марал: Шаарга кооздук берип турган, өзгөчө гүлдөрдү сиз карайт экенсиз, буларга кантип кам көрөсүз?

-Жаш кезимден эле үйдүн ичинде жана сыртка гүлдөрдү өстүрчүмүн. Кошуналар дагы таң калып: «кантип карайсың» деп сурап, суктанышчу. Гүлдөргө баладай эле көңүл буруу керек. Себеби алар назик, карабасаң кургап калышы мүмкүн, күн сайын эрте менен келип гүлдөр менен саламдашып, кечээгиден кандай айырмасы бар экенин байкайбыз.

Марал: Жумуштан кийин бош убактыңызда эмне кыласыз, себеби көбүнчө эрте менен анан кечинде эмгектенет экенсиздер?

-Балдарымдын баары чоңоюшкан. Балам үйлөнгөн, кызым Түркияда иштейт, кичүү балам болсо медициналык академияда хирург бөлүмүндө окуйт. Үйдө кичүү балам жана абышкам эле бар. Неберелерим келип турат. Көбүнчө балдарым менен убакыт өткөрөм.

Марал: Шаар тургундары, туристтер көбүнчө гүлдөрдүн алдында сүрөткө түшүшөт эмеспи, сизге ыраазычылык билдирген учурлар болдубу?

-Башка өлөлөрдөн келген туристтерден «гүлдөр сонун экен» дегенин угуп калдык. Гүлдөрүм кандай өстү, шаарга кандай кооздук берди экен, шаар тургундарына жактыбы деп баарын ойлонобуз. Кээде түнү менен ойлонуп чыккан күндөр болот.

Марал: Шаар тургундары ишиңиздерди канчалык баалайт?

— Ишканага практиканттар келишип, ишибиз менен таанышып кетишет. Алар ыраазычылык билдиргенде кубанып, кайра иштегиң келип калат. Бирок кээде шаардагы гүлдөр үзүлүп, тепселенип калган учурларда капа болот экенсиң, себеби биз гүлдөрдү кышы менен теплицада карап багып чыгабыз.

Марал: Азыр мүмкүнчүлүгүңүз болсо, кайсы тармакта иштейт элеңиз?

-Азыркы иштеп жаткан ишимди жакшы көрөм, бул жакта иштеп калганыма өкүнбөйм. Бирок бухгалтерлик кесипти да өзүм тандап окугам. Эгер компьютерди билсем, бухгалтер болуп иштемекмин.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM