Биз менен байланышыңыз

Жарадар ак илбирстин эки көзү көрбөй калды

Кыска кабар | 10 Фев 2020 | 421 | 0

Таласта жарадар болгон ак илбирстин эки көзү көрбөй калды. Бул тууралуу «Бугу Эне» коомдук фондунан билдиришти.

Адистердин текшерүүсүнөн кийин ак илбирстин эки көзү тең көрбөй калгандыгы аныкталган. Ошондой эле, операция жасоо эч кандай натыйжа бербей тургандыгы жана анын алган жаракатынан улам көрбөй калгандыгы айтылды.

Фонддон билдиришкендей, ак илбирсти дайыма карап туруу керек.

Белгилей кетсек, 9-январь күнү Таластын Көк-Ой айылында жарадар ак илбирс табылган. Кийинчерээк жаныбар Бишкекке алынып келинген. Бишкекте ал рентгенге түшүрүлүп, рентген сүрөтү көрсөткөндөй анын баш бөлүгүндө 70 майда бытыра болгон. Ага операция жасалып, жалпы 18 чачма бытыра алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM