Биз менен байланышыңыз

Унаа оңдоочу жайдан чыккан өрт чектөөгө алынды

Кыска кабар | 9 Фев 2020 | 745 | 0

Бүгүн, 9-февралда саат 14:40 чамасында Бишкек шаарынын Свердлов районуна караштуу Күренкеев-Абдырахманов көчөлөрүнүн кесилишинде унаа оңдоочу жайдан өрт чыгып, 15:45те чектөөгө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Өрттү өчүрүүгө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгынан 5 бөлүм, ИИМдин кызматкерлери жана тез жардам кызматынан 1 бригада тартылган.

Учурда өрттү толук өчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Кошумча маалымат берилет.

Copyright © 2017 Maral FM