Биз менен байланышыңыз

КЛДП: Жаштардын жаңылануу дымагы

Саясат | 3 Фев 2020 | 900 | 0

2-февралда Бишкекте Кыргыз либерал демократиялык партиясынын  «Жаңылануу мезгили» аттуу презентациясы өттү. Саясий топтун миссиясы, багыты боюнча маалымат берилди. Партиянын лидерлеринин бири депутат Жанар Акаев алардын катарында бийлигине, байлыгына ишенгендер жок экенин белгилеп, жаңы күчтөргө, жаштарга алардын эшиги ачык экенин билдирди. 

Кыргыз либерал демократиялык партиясы жаңылануу мезгили келгенин жарыялады. КЛДПнын презентациясына Жогорку Кеңештин депутаттарынан Абдывахап Нурбаев, Наталья Никитенко, Эмил Токтошев, Мирлан Жээнчороев, Алтынбек Жунус уулу жана бир катар саясатчылар, коомдук ишмерлер, ошондой эле жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Олигархтар менен колунда акчасы барлардан эл сактап каларын айткан лидерлердин бири  депутат Жанар Акаев мамлекеттик кызматкерлерге ишеним жок экенин айтып өттү:

 -Жашы-карысына карабай, чиновниктерге, мамлекетик органдарга болгон элдин ишеними кескин азайды азыр. Эл кимден тажады? Билимсиз, жоопкерчиликсиз кадрлардан? Эл коррупциядан, үй-бүлөлүк, кландык, дос топтордон тажады. Криминалдан тажады. Көчөгө чыксаңар: “Болбой калды жаштар келиши керек,”-деп дегенди эле угасыңар. Мына биз чыктык. Эми колдой аласыңарбы же кайра эле шайлоо мезгилинде 1000 сомго сатылып, майга, чайга алданасыңарбы? Эми тагдыр элдин өзүнүн колунда.

Сөз болуп жаткан партия 2011-жылы расмий түрдө катталган. Партиянын тарыхы боюнча КЛДПнын теңтөрагасы Сейтек Качкынбай маалымат берди. Ал партияны сыртта жүргөн мекендештер биригип түзүшкөнүн төмөнкүчө билдирди:

Биз салык төлөөчүлөрдүн санын көбөйтүп, бюджетти өнүктүрсөк дейбиз. Коррупцияны азайтууга, санариптештирүүгө басым жасайбыз. Биз жаштарга басым жасап, мамлекеттик структураны өзгөртүп, чакан өкмөт түзөбүз. Либералдардын партиясы жапондордо 64 жылдан бери кызмат кылып келе жатканын, кошуна Өзбекстанда КЛДП-эркин, демократиялык партия катары кызмат кылып жатканын кошумчалады.

Партиянын дагы бир тең төрагасы Эльдар Абакиров Кыргыз либерал демократиялык партиясынын  колдоочулары үчүн атайын банктык эсеп ачылганын маалымдады. Муну менен катар аналитиктердин пикирине таянып, 10 жылдан кийин сыртта жүргөн 10 мигранттын 7-8и чет өлкөдө каларын, киреше, бюджетти жоготууга караганда адамдык ресурсту жоготуу трагедия экенин баса белгиледи. Бул көрүнүштү оңдоп, туура багытка буруу зарыл экенин Абакиров сөз кезеги келгенде түшүндүрүп өттү:

-Туура багытта иштеп, милдетин так аткарган жумушчу топту ЖК аркылуу эл тандашы зарыл. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда жаштардын саясий күчү, саясаттагы өкүлү жок. Бирок биз бул күчтү түздүк. Мен жаштарды, биздин жаңы, жаш партиябыздын катарына биригүүгө жана бул марафонду чогуу чуркап өтүүгө чакырам! Бир мисал айта кетейин: 2010-жылы Кыргызстандын бюджети 58 миллиардды түзгөн. Азыркы учурда бул көрсөткүч 3 эсеге көбөйүп, 150 миллиарддан ашты. Эми суроо берели. Мугалимдердин, дарыгерлердин маянасы 3 эсеге көбөйдүбү? Биздин жашообуз 3 эсеге жакшырдыбы? Демек, өзгөртүү керек болгон жагдай бар.

КЛДПнын лидер же жеке бир адам менен эмес, идеялык баалуулук менен чыкканы жакшы көрүнүш. Кыргызстанга жакшы тааныш эмес либералдык демократия менен чыгуу да бир эле учурда тобокелчилик жана каармандык. Бирок бул партия “толугу менен кайсы бир олигархтын же бийликтин долбоору эмес”,-деп айтуу кыйын. Так тыянак чыгаруу үчүн күтө туруу керектигин КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү, серепчи Адиль Турдукулов белгилеп кетти:

-“Партия лидерлерин такшалган, тажырыйбалуу саясатчылар” деп так кесе айтса болот.  Мындан улам, алар өздөрүн тааныштырып, шайлоого белсенүүгө терең ойлонуп киришти деп ишенем. Ошондой эле, утушка ээ болуу ниеттери бар деп эсептейм. Бирок ал партия канчалык негизде алардын гана ишмердүүлүгү, долбоору болобу, жокпу убакыт көрсөтөт. Анткени тизмеге кимдердин кошулары абдан маанилүү. Азыркы үч лидер алдыңкы планга чыгарылып, “артында олигархтардын же бийликтин долбоору болуп калбайбы?”-деген күмөн бар. Бул күмөндүн канчалык туура же туура эмес экендигин мезгил өзү көрсөтөт. 

Ал эми саясат талдоочу Марат Казакбаев КЛДПны “колдоо көрсөтө турган партия” деп сыпаттады. Себеби алардын лидерлери кайсы бир деңгээлде иш жүзүндө өздөрүн көрсөтө алышкан деп эсептейт:

-Негизи, Жанар Акаевдин кандай иштегенин билебиз. Ошондуктан, бул партияга колдоо көрсөтсө болот. Аны менен катар партияга жаш, позитивдүү жигиттер топтолуптур. Шайлоо алдында байкасак болот, көпчүлүк жаштарды четке түртүп, өздөрүнчө биригип барышат. Бул боюнча көп сөздөр айтылган. КЛДПда болсо жаңы идея менен барчудай. Бирок буларга жеңишке жетүү кыйын болот. Кантсе да 9 пайыздык босого бар да. Андан өтө алышабы? Бул азырынча белгисиз.

Кыргыз либерал демократиялык партиясынын лидерлери – Сейтек Качкынбаев, Эльдар Абакиров жана депутат Жанар Акаев. Партия апрелде өтчү жергиликтүү шайлоого (Ош, Токмок) жана 2023-жылдагы президенттик шайлоого өз талапкерин алып чыгат.

Copyright © 2017 Maral FM