Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев Молдованын премьер-министри менен жолугушту

Кыска кабар | 31 Янв 2020 | 498 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Алматы шаарында өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынынын алкагында Молдованын премьер-министри Ион Кику менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт башчы эки өлкөнү тарыхый достук, алака жана эркин коом менен парламенттик республиканы курууда бүгүнкү күндөгү демократиялык жетишкендиктер байланыштырып турарын белгиледи:

Молдова менен саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөдө өз ара алаканы, өнөктөштүктү өнүктүрүүгө, ошондой эле эл аралык уюмдар жана аймактык биримдиктердин линиясы боюнча ар тараптуу өз ара кызматташууга кызыкдар, — экенин айткан Мухаммедкалый Абылгазиев, эки тараптуу мамилени активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Өкмөт башчы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-молдова өкмөттөр аралык комиссиясынын ишинин жандануусу экономикалык мамилелердин дараметин ачууну жана кеңейтүүнүн шарттарына ишеним артарын билдирди.

Кыргыз тарап эки мамлекеттин ортосундагы билим берүү, илим, туризм, маалымат, спорт жана жаштар саясаты чөйрөсүндөгү ведомстволор аралык өз ара аракеттешүүнү кеңейтүүнү колдойт.

Өз кезегинде Молдова премьер-министри Ион Кику бүгүнкү жолугушууга жана ар кыл багыт боюнча эки тараптуу мамилелерди талкуулаганга мүмкүнчүлүк түзүлгөнүнө кубанычта экенин билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM