Биз менен байланышыңыз

Медициналык беткап кымбаттап, эки күндө 2 миллион даанасы сатылды

Коом | 30 Янв 2020 | 1069 | 1

Медициналык беткаптардын баасы Бишкекте мурда 3-5 сом болгон болсо, бүгүнкү күндө 15 сомго чейин жогорулады. Учурдан пайдаланып, дарыканалардан жүзмиңдеген беткаптарды сатып алып, кайра кымбат баада саткан фактылар кездешет. Саламаттык сактоо министрлиги баанын жогорулашы негизсиз экенин айтып, бул боюнча атайын аракеттерди көрүп жатканын билдирет. 

Акыркы күндөрү Бишкектин көчөлөрүндө медициналык беткап менен жүргөндөр көбөйдү. Буга негизги себеп — Кытайда тарады делген коронавирустан кооптонуу болду. Анткен менен айта кетч нерсе, Кыргызстанда аталган вирус катталган эмес. Адистер кооптонууга негиз жок экенин да белгилешүүдө. Бирок угармандардан келген маалыматтарга карганда башкалаадагы дарыканаларда медициналык беткаптын баасы кескин жогорулаган. Мурда 3-5 сом болгон беткаптар, бүгүнкү күндө 15 сомго чейин сатылууда.

Биз жеринен таанышуу үчүн сатып алуучу катары шаардагы дарыканаларды кыдырып көрдүк. Чындыгында, беткаптарга болгон баалардын жогорулаганын байкадык. Тагыраагы, 5 сомдон 15 сомго чейинки баа айтылды. Муну менен катар 8 дарыканага кирген болсок, анын үчөөндө медициналык беткап калбаганын айтышты.

Мындан сырткары, айрым маалымат каржаттары 500 миң беткап сатып алып, кайра кымбат баада сатуу менен алектенген жаран тууралуу жазып чыгышты. Мындай факт катталганын Саламаттык сактоо министрлиги да ырастады. Аталган министрликтин алдындагы дары-дармек департаментинин маалымат катчысы Жылдыз Жумагулова бааларды жогорулатпоо боюнча жүрүп жаткан аракеттер тууралуу төмөнкүчө маалымат  берди:

-28-январда дары-дармек ташыгандар, фармацевтикалык компаниялардын жетекчилери менен жолугушуу болуп өттү. Беткаптын баасын көтөрбөө боюнча макулдаштык. Чындыгында, элдин дүрбөлөңүнөн улам ортомчулар пайда көрүүгө аракет кылышууда. Мындан улам, дарыканаларда бир кишиге 20дан ашык беткап сатпоо боюнча сүйлөштүк. Ошондой эле саламаттык сактоо министрлигинде штаб түзүлдү. Бул мурда ташылган Кытай, Орусия жана Казакстандан медициналык беткап алып келүү токтотулгандыгына байланыштуу башка жолдорду табуу боюнча иш алып барат. Азыркы учурда Түркия, Түштүк Корея жана Индиядан беткаптарды алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

2,5 миллион беткап эки күндө сатылды

2019-жылы Кыргызстанга Кытай, Орусия жана Казакстандан 3 миллион 900 миңден ашуун медицианык беткап алып келинген. 2020-жылдын 28-январында дарыканаларда 3,5 миллион беткап бар экендиги айтылган болсо, 30-январга карата 1,5 миллиону калган. Тагыраагы, эки күндүн ичинде 2 миллиондой медициналык беткап сатылган. Ал эми дары-дармек департаментинин капчыгында 18 миңден ашуун беткап бар.

Дары-дармектин баасы мурдатан жолго салынбаган көйгөй

Эл өкүлү Аида Исмаиловага байланышканыбызда, баалардын көтөрүлүүсү туура эмес экенин билдирди. Ошондой эле, дары-дармектердин баасы боюнча көйгөй буга чейин эле айтылып, бирок жолго салынбай келгенине төмөнкүчө токтолуп кетти:

-Бул албетте, туура эмес. Бизде бааларга карата атайын саясат болушу керек. Жалпы эле баалардын бирдей эместиги боюнча бир нече ирет маселе көтөрүп, айтып чыккам. Бирок тиешелүү деңгээлде маселе чечилбей келет. Дары-дармек департаменти жалпы дарыканада сатылган товарларга карата атайын баасын коюшу керек болчу. Биз ошол эле учурда ЕАЭБдин алкагында иштеп жатабыз. Мындан улам, баалардын бирдей болуусу зарыл.

Беткап тагынууга себеп жок

Негизи, медициналык беткапты тагынуу убактысы жана аны туура тагынуунун да эрежеси бар. Мисалы, өзүңүз ооруган учурда түстүү тарабын, бирөө ооруса тескерисинен тагынуу керек. Бирок азыркы учурда Кыргызстанда эки тарабы менен да тагынууга негиз жок экенине Мамлекеттик оорулардын алдын алуу департаментининин дарыгери Чынара Мамбеталиева  ишендирди:

— Биздин өлкөдө коронавирус менен катталган же күмөн жараткан бейтаптар жок. Ал эми беткап ар түрдүү вирустардын алдын алуу үчүн кийилүүчү каражат болуп эсептелет. Ал эми муну кайсы учурда кийиши керек? Өзү ооруп тегерегине жугузбаш үчүн же айланасындагылардан бирөө ооруса, андан жугузуп албаш үчүн киет. Бүгүнкү күндө  адамдардын таза абада, эшикте жүргөндө да беткап кийип жүргөнүн байкап жатабыз. Бул туура эмес. Азыркы учурда Кыргызстанда көчөдө жүрүп медициналык беткап тагынуунун мааниси жок.

Биз кеп кылып жаткан беткаптарды тагынуу зарылдыгы жөнүндө ЖКнын айрым депутаттары социалдык тармактагы баракчаларына сүрөт жайгаштырып, пикири менен бөлүшкөн. Бирок эл өкүлдөрү тагынган медициналык беткаптар баарынын эле капчыгына ылайыктуу эмес. Себеби алардын баасы аз эле дегенде 100 сомдон башталат.

Эскерте кетсек, беткап жана башка дары-дармектердин кымбат сатылып жаткандыгы боюнча 0800 800 26 26, ал эми эпидемиялык учурлардагы профилактика боюнча 0312 32 30 55 жана 0312 32 32 02 номурларына кайрылып, байланышсаңыздар болот.

Copyright © 2017 Maral FM