Биз менен байланышыңыз

«Электрондук кезек иштебесе, неге жазылып жатабыз?»

Бишкекте айрым тургундар  Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна киргизилген электрондук кезек алгылыктуу иштебей жатканына нааразы. Электрондук саламаттыкты сактоо борбору жаңы өзгөрүүлөр тууралуу элде маалымат жок болгондуктан, бейтаптар арасында түшүнбөстүк жаралып жатканын, көйгөйдү жоюу үчүн коомго түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын айтат. Ал эми шаар тургундары кезек күтүүнүн жаңы системасынан кабары барбы? Саламаттыкты сактоо министрлигинин Байкоочу кеңеши кандай баа берет?


Бурулай Шергазиева Бишкектеги үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна электрондук кезек системасы киргени менен, ал иш жүзүндө аткарылбай жатканына нааразы. Ал кызы ооруп, бейтапканага кайрылганда төмөнкүдөй жагдайга туш болгон:

— «Электрондук кезек» деген неме жомок экен! Тим эле туура киши болуп, алдын ала жазылып, 10 мүнөт мурда барсам кезек толтура. А, ошол кезекке туруш үчүн атайын регистрациядагы кезекти айтпай эле коёюн. Билем, баары эле жыргаганынан ошол жерде кезек күтүп турган жок, анда алдын ала жазбай эле коюшпайбы?! Калп эле «реформа», » санариптештирүү» дей бербей. Биздин Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда бул система күздөн бери иштеп жатат. Бирок ал «электрондук кезегиңер» иштебесе, неге жазылып атабыз? Температура менен ошол жерде күтпөйлү деп атайын жазылсан, кезекте тургандар «электрондук кезек жөн эле, «живая очередь» дешет. Калп эле реформаны айтып, өнүгүп атабыз, санариптешип жатабыз дебей эле коелучу, өзүбүздү алдабай! Ии баса, бул боюнча сайттардагы макалаларды дагы карап чыктым. Ал жакта кезекти көрсөткөн кагазы жок дарыгер кабыл албайт деп турат. А менден мурда » живая очередде» турган эже анысы жок эле бир жакшына кирип чыкты. Мен дене табы көтөрүлгөн кызымды кучактап алып 1 саат кезек күттүм!

Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорундагы электрондук кезек өткөн жылдын ноябрь айында ишке кирген. Бирок бейтаптар электрондук кезекке турбай, бири-биринин ортосунда түшүнбөстүк жаралууда. Бул көйгөйдү жоюу үчүн медициналык борборлордо түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Бирок баарына жеткирүү кыйынчылык жаратууда. Бул тууралуу Электрондук саламаттыкты сактоо борборунун директору Бактияр Стамбеков билдирди. Ал маселени чечүү үчүн өз сунушун да айтты:

— Бишкек шаары боюнча 200гө жакын компьютер жетишпейт. Ар бир дарыгерди компьютер жана принтер менен камсыздоо зарыл. Ошондо байтап электрондук сервис аркылуу кезекке турган болсо, каттоого барбай эле түз дарыгердин өзүнө бара алат. Ал үчүн амбулатордук электрондук картаны киргизүү керек. Январь айында 70 принтер, 115 компьютер таркаттык. Бирок дагы деле жетишпей жатат, кийинки жылга да бюджетке карадык. Бир чети электрондук кезек киргенине аз эле убакыт өттү. Дагы жарым жылда жарандар толук маалымат алып, билип калышат. Айрымдар укса, кээ бирөөлөр укпай калышат экен да. Биз гезит, радио, ТВ сыяктуу болгон маалыматтык каражаттарды пайдаланып маалымат берип жатабыз. Андан сырткары Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда, дарыгерлердин бөлмөсүнүн сыртында да атайын маалыматтык баракчалар илинип турат. 

Бейтап медициналык мекеменин каттоо бөлүмүнө чалып же registratura.med.kg интернет сайты аркылуу электрондук кезек ала алат.

Биз Бишкектин тургундарынын Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорундагы электрондук кезектен кабары бары-жогун сураштырып көрдүк:

— Жок, кабарым жок. Азыр интернеттен карайм го.

— Ооба, телевизордон маалымат алдым. Кыскасы, интернет аркылуу кезекке турууга мүмкүн экен. 

— Такыр маалыматым жок. 

— Эми сиздин уктум. 

— Эки ай мурда билдим. Баламды көрсөтүү үчүн бейтапканага барганда билдим. 

Саламатттыкты сактоо министрлиги электрондук кезек тууралуу жетиштүү дэңгээлде маалымат таратпай жатат. Мындай пикирин аталган министрликтин Коомдук кеңешинин төрайымы Нурхан Жумабаева билдирди. Ал министрлик тейлөөдө электрондук ыкмаларды колдонгону менен бейтапканаларда IT адистери жетиштүү эместигинин белгиледи.

— Электрондук кезек ишке киргени айтылган. Бирок кабыл алуу бөлүмдөрдүн басымдуу бөлүгүндө компьютер жок. Кезекке жазылуудагы жаңылык жөнүндө абдан аз адам билет. Мындан улам көпчүлүк электрондук кезекке турбастан, адаттагыдай кезек күтүп турушат. Бул көп түшүнбөстүктөрдү жаратууда.

Кошумчалай кетсек, электрондук кезек системасы Бишкек шаарында 19 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда иштеп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM