Биз менен байланышыңыз

Памирлик кыргыздардын үйлөнүү каада-салты

Коом | 27 Янв 2020 | 668 | 0

Жай башында памир кыргыздарына барган сапарыбызда улуу тоону мекендеген боордошторубуздун жашоо-тиричилигине, каада–салттарына кызыгуу пайда болуп, аны мүлдө кыргыз журтчулугуна жарыялап коюуну туура көрдүк. Кыргыз эли дүйнөдөгү өтө көп сандуу элдердин катарына кирбесе да, анын улуу маданияты, жакшылыкка үндөгөн көркөм мурасы, көөнөрбөс каада-салты бар. Жердеген жерине, жашоо образына жараша айрым бир айырмачылыктары, окшоштуктарын байкап, баа бересиздер деген таризде памирлик кыргыздардагы үйлөнүү каадасы кандай боло тургандыгы тууралуу материалды сиздердин назарыңыздарга сунмакчыбыз. Эскертүү: текстте памирлик кыргыздардын баяндап бергендеги говордук өзгөчөлүгү сакталган!

Куда түшүү же жуучулук

Памирлик кыргыздарда куда түшкөндө бир-эки аксакал кыздын ата-энесиникине жуучулукка барат. Памир кыздары өзүн-өзү билип, бияктагыдай болуп өзү каалаган адамга турмушка чыга албайт. Кыздын ата-энеси жуучу түшкөн жактын сырын жакшы билет. “Кызыбыз ал жерге барса, жакшы күн көрөт. Оокаты жакшы, малдуу-жандуу, баласы жакшы болсо, кайната, кайненеси жакшы болсо” деген түшүнүк оюна туура келсе кызды берет. Бала тарап бата кылып келгенден кийин, калыңын бычат. Жүз кой дейби, андан ашык дейби, кудалар кызга калың берет. Жооп сурап, уруксат алып, той башташат.

Тойду кантип өткөрүшөт?

Той башталганда уул жак элин чакырып, анда бир күн той кылып туруп, бир күндү белгилеп алып келин тарапка жөнөшөт. Уул жактан, келин тараптан чогулган эл белгиленген күнү тойго келишет. Келин боло турган кыз тараптын коңшу-колоңдору, жака-белинде жашаган адамдардын баары чакырылат. Алар аттарын токуп, эртең менен улак тартып, нан бышырып, кой союп этин бышырып даярданып турушат. Уул тараптын келатканы алыстан чукулдап көрүнгөндө, жаштары жан калтарларына ( чөнтөктөрүнө) ун салышып, аттарынын басмайылын бекем тартышып, аялдар, жаш балдар, кары-картаңдар бир бөлүнөт, улак тарта турган балдар бир бөлүнөт. Кыз тараптагы улакчылар жаңы союлган улакты кудалардын алдына тартып барышып сый-урматтын белгиси катары ташташат. Жигит тарап улакты эңип алып, анан эки тарап улакты тарткан бойдон той болуп жаткан үйдүн короосуна тартып келишет. Улак короого жеткенден кийин улак калып, жанагы чөнтөктөрүнө салып алган ун менен бири уруп (ун чачышат) башташат. Кыз тарап күйөө бала жакты урат, күйөө бала тарап кыз жакты урат. Ошентип, жан калтадагы ун түгөнгөнчө аттуулар атчандарга, жөөлөр жөөчөндөргө ун чачышат. Карылар карыларга тамашалашып унду актык деп чачышат. Бул жөрөлгө памирликтиктерде ун ак болгону үчүн бири-бирибизге жакшылык гана кылалы дегенди билдирет экен.

Кудаларды сыйлоо

Ошентип тамашага баткан соң кудалардын атын алып, той ээси кадырлуу конокторду үйгө киргизет. Үйгө киргенден кийин чай ичишип, үстүнө чачылган ундарды отурган жерлерине кагып күбүшүп, сыртка чыгышат. Уул тарап күн мурунтан той кылабыз деп кыз тарапка атайын үй тигип кетишкен болот. Алар чыгып от калап, кыз тараптын туугандарын баарын чакырышып, чай беришет. Ошентип ал күнү алар жатып калышат. Кыздуу жак бир эки мал, уулдуу жак бир-эки мал союп, бири-бирин коноктойт. Анын эртеси таң заар менен той кайрадан уланат. Мындан соң, жаштар улак тартууга камына башташат. Аксакалдар тамашага чыгышат. Жаштар ал күнү керээлден-кечке улак тартышат. Улак тартыштын өзүнчө байгеси болот. “Патта”, “чубатма”,”пайга” деп коюп беришет. Бай болсо, жылкыга чейин байге коюшат. Ортороок болсо, кой баштаган түрдүү байгелерди коюшат. Аялдар жак чогулуп, уулду жак “шакар жүздүк” кап дейт, бир койду куйка кылып сойдуруп, аны капка тигет. Эки күмүш жүздүктү каптын ичине калтырат. Капты тигип келип, жиптин учугун түбүнө кайтарып таштайт. Учукту үзбөй сөгүш керек. Анын өзүнчө шарты бар. Үзсө жазыктар (күнөөлүү) болот. Уулдуулар кыздуу тараптын алдына капты коёт. Каптын ичинде койдун гөшү, бардыгы бар. Ага өпкө, быжы куят. Жанагы каптын учугун үзбөй сөккөн аял күмүш шакекти алат. Мына ушуну «аялдардын улагы» тамашасы деп коюшат. Быжыдан, өпкөдөн ооз тиет. Этти жешет. Анан шакар жүздүк деген бар. Уулду тарап баласына арнап чарчын дейбиз, анын ичинде атыр, бет май, манат, анан чоң түйүнчөккө түйүлгөн эки билерик, сөйкө, конфет, кездеме жана жүз шакек болот. Аны уулду жак кыздуу жакка бир табакка салып таратат. Аялдардын бардыгы бирден алат. Ашканы калат. Атыр, бет майдан бирден берет. Аялдардын кыз узатуудагы тамашасы ушундай болот.

Күйөө баланы сыйлоо же сыноо

Андан соң күйөөнү алып келип, мындайыраак отургузуп коёт. Анын жанында “күйөө жанчы” деп койгон эки жолдошу болот. Аларга жеңелери чай алпарат. Нават, конфет, токочу, бар-жогун толтуруп, чайын сунат. Андан соң, күйөөгө бир чоң жоолук карматат. Күйөө жолдошко экини караматат. Эки жандоочунун ортосунда күйөөнү ырдатышат. Ошентип отуруп, күйөө жолдошторду да ырдатып отурушуп, акыры айылды аралатышып бир үйгө алып келишет. Үйгө киргизгенден кийин табак киргизүү деген болот. Күйөө баланын кайнежелери, балдыздары, кайындары табакка салып, бирден каттама, түрдүү тамак-аштарды киргизишет. Кой союп, күрүч басышат. “Мынабу кайнеженин табагы, мынабу кайненин табагы” дейт. Кайненин табагына жүз доллар салат. Кой союп табак тарткан кайнеженин табагы болсо, ага жүз доллар салат. Эгер мындай эле күрүч басылган болсо, оогани деп коёт. Миң же эки миң ооганини кайнеженин табыгына салып кайра узатат. Балдыздын табагы, жеңенин табагы деп бардыгына пул салынат. Табактагы тамактардын баарынан күйөө бала ооз тийип жеп, ырыскыларды алып калып табакка акчаны салып коюп узатып отурат. Андан соң улактагы жаштар, аксакалдар келгенден кийин күйөөгө «эгин» кийгизишет. Кыздуу тарап күйөө балага бут кийиминен баш кийимине чейин кийит кийгизет. Элди төшөк салып сыртка отургузуп коюп, чачыла чачат. Чачыланы эл алып болгондон кийин күйөө баланы ортого отургузуп коюп, жана эгинди чоң бокчо (түйүнчөк)кылып келип түйүп жанына коёт. Күйөө кийип келген эгинди (кийим)чечет. Кыз тарап күйө баланын башына ак селдени оройт. Кийимди кабаттап кийгизип болгондон кийин, сыртына кеште чапандан бирди кийигизип, белине ак жоолукту оройт. Ошол жерден эл дуулдап: “Оомийин аллоху акбар, сарпайың маарек болсун!” деп бата берет. Мындан соң, эки тарап – кыз тарап да, уул тарап да чогулган элге акча чачат. Акча чачылганда бала-бакыра, кары-картаңдар, бардыгы чуулдап терип алууга киришет. Андан соң, күйөөнү дагы бир жолу ырдатып туруп, анан күн кечтегенде үйгө киргизет.

Нике кыз тараптын үйүндө кыйылат

Мына ошондон соң гана молдо никени кыят. Нике кыйып болгондон кийин элге дагы бир сыйрадан эт тартылат. Эт тартылып желгенден кийин элге уруксат берилет. Үйү узундар калат. Үйү чукулдар кетет. Уулду тарапты кыздуу тарап алып калып, ал күнү да абдан сыйын көрсөтөт. Той өткөрөбүз деп чуркап чарчаган уулдуу тарап кыздуу тараптын карамагына өтөт. Чалкалап жатып эс алып калышат. Андан соң бокчо деп коёт, сеп деп коёт, 20-30дан ашык чапанды кыздуу тарап уулдунун алдына коёт. Уулдуу тарап септи чечет. Келген жоро-жолдоштурунун бардыгына бирден чапан жабат. Аялдар аялдарга бирден көйнөк, бирден чапан кийгизишип, бирден жоолук салышат. Ошону менен “Оомийин аллоху акбар” деп кудасын узатат. Күйөө баласын үч күн алып калат. Үч күндөн кийин гана күйөө баланы жеткизет. Кызын болсо сарыштасыны кылып туруп, бир айдан же эки айдан кийин гана көчүрүп барып беришет.

Жазып алган: Талгат Деркембаев

Эскертүү: текстте памирлик кыргыздардын баяндап бергендеги говордук өзгөчөлүгү сакталган!

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM