Биз менен байланышыңыз

The Guardian Ислам мамлекетинин жаңы жетекчисинин ысымын атады

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Янв 2020 | 418 | 0

The Guardian Ислам мамлекетинин жаңы жетекчисинин ысымын атады

“Ислам мамлекети “ террордук тобунун башчысы болуп мамлекетти түзүүнүн идеологдорунун бири Амир Мухаммед Саид Абдель Рахман аль-Мауль шайланды. Бул тууралуу британ басылмасы The Guardian атайын кызматтардын булактарына таянып жазып чыкты.

Басылма Амир Абдель Рахманды Ислам мамлекетинин лидерлеринин бири катары эсептеп, мурунку жетекчи Абу Бакр аль-Багдадиге жакын болгондугун белгиледи. Аль-Багдади октябрь айында Идлибде болуп өткөн АКШнын атайын операциясынын негизинде жок кылынган.

Мамлекеттик департамент Ирактын тургуну Амир Мухаммедди радикалдуу дин таратуучу жана Аль Багдадинин орунбасарларынын бири катары көрөт. Аль-Багдадинин жана анын башка жакын тарапкерлери тууралуу маалымат бергендерге АКШ бийлиги 5 млн. доллар убада кылган.

Британ басылмасы ИМ террордук тобунун мурунку жана азыркы башчылары Ирактагы Кэмп-Бук аталышындагы америкалык лагерде туткун болуп жүргөн кезинде таанышкандыгын жазат. Амир Абдель Рахман топтун түзүүчүлөрүнүн бири болуп, анын идеологиясын жана бир катар операцияларды пландоонун автору болгон. Гезиттин жазганына караганда, дал ушул Амир Абдель Рахман Ирактын түндүгүндөгү езиддерди жана Ниневий түздүгүндөгү христиандарды түп тамыры менен жок кылууну жеке өзү көзөмөлдөгөн.

Ислам мамлекетиндегилер Аль-Багдадинин өлүмүн тастыктагандан кийин, террорчулардын өкүлдөрү топтун жаңы башчысы деп Абу Ибрагим аль-Хашими аль-Курейшинин атын аташкан. The Guardianдын маалыматында бул болгону Ислам мамлекетинин жогорку кызматындагыларга жана батыштын атайын кызматтары үчүн псевдоним болуп эсептелет. .

Басылма таянган маалыматта Амир Абдель Рахман өзүнөн мурунку башчы өлтүрүлгөндөн кийин саналуу сааттардан кийин эле жетекчи болуп дайындалган. Басылманын жазганына караганда ал азыр топтун жетекчилигин жана ИМге кийинчерээк кошулган террорчулардын башын бириктиргенге аракет кылып жатат. The Guardianдын пикирлештери топтун жаңы лидеринин Түркияда байланыштары бар деп эсептешет. Анын бир тууган агасы “Ирактык түркмөндөрдүн фронту” аталышындагы саясий кыймылдын өкүлү болуп саналат (экөө тең ушул этникалык топко тиешелүү). Эксперттер Амир Абдель Рахманды мурда ислам укугун окуган Мосул шаарынын тегерегинде жашырынып жүрөт деп божомолдошууда.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM