Биз менен байланышыңыз

Орусиянын Хмеймимдеги авиабазасына кол салуу аракети болду

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Янв 2020 | 2019 | 0

Орусиянын Сириядагы Хмеймим аттуу жериндеги авиабазасына кечээ, 19- январда учкучу жок учуучу аппараттардын абадан сокку уруу аракетинин мизи кайтарылды. Соккудан жабырлануучулар жана материалдык чыгымдар катталган жок. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлигинин маалымат кызматы төмөнкүчө билдирген:

-19-январда түн ичинде Хмеймимдеги орустардын абадан коргонуу каражаттары үч анча чоң эмес көлөмдөгү абада көрүнгөн учуучу объектини байкашкан. Алар орус авибазасын көздөй түндүк-чыгыш багытынан учуп келе жатышкан.

Хмеймимдеги орус авиабазасынын абадан коргонуучу штаттык зениттик ракеталары учуучу объектилерди авибазага коопсуз аралыкта жок кылган. Жабырлануучулар жана материалдык чыгым болгон жок”, — деп айтылат аскердик ведомствонун маалыматында.

Министрликтегилер авиабаза пландык режимде кызмат кылып жатканын билдиришти. Мурдараак Хмеймимдеги орусиялык Аскердик космостук күчтөргө Сириянын түндүгүндөгү деэскалация зонасынан учкучу жок учуруучу аппараттардын кол салуу аракети болгонун SANA агенттиги да жазып чыккан.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM