Нарын облусунун Ат-Башы районунда индустриалдык-соода-логистикалык комплекси курулуп, миңдеген жумушчу орундар түзүлөт. Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун боюнда, чек арадан 110 чакырым алыстыкта 200 гектар жер бөлүнгөн. 2017-жылы ал жерди трансформация кылуу боюнча өкмөттүн токтому чыккан. «Ат-Башы кыргыз-кытай эркин соода аймагы» компаниясына 49 жылга ижарага берилген. Аталган борбордун Кыргызстандын экономикасына кандай таасир тийгизет? Өкмөт кайсы маселелерди эске алышы керек? Бул боюнча «Жашыл чарба» агрохолдингинин жетекчиси Тилек Токтогазиев менен түз эфирден маек курдук.
Марал: Нарын облусунун Ат-Башы районунда индустриалдык-соода-логистикалык комплекси курулуп, миңдеген жумушчу орундар түзүлөрү тууралуу бүгүн маалымат берилди. Курула турган соода-логистикалык борбор Кыргызстандын экономикасына канчалык таасирин тийгизет?
-Ар бир сооданы өнүктүрө турган долбоорлор экономикага жакшы көрсөткүч бериши керек. Бирок айтылып жаткан долбоор боюнча айтсам, элге тараган маалымат абдан аздык кылып жатат. Сарпталып жаткан каражат боюнча айтсам, 275-280 млн доллар бөлүнөт жана бир канча жумушчу орундар түзүлөт деген эле маалыматтар айтылып жатат. Бирок индустриалдык зонанын ичинде эмнелердин болору айтылбай жатат. Ошон үчүн кандайдыр бир анализ жүргүзгөнгө абдан оор болуп жатат. Бирок идея концепциясы туура эле деп ойлойм. Бирок логистикалык борборго акча сарптала элек экен. Түшүнгөнүм боюнча, Кытайдан келген продукциялардын ЕАЭБге жана Кыргызстанга кете турган жолу жасалып жатыптыр. Бирок Кыргызстандан Кытайга кете турган жолу каралбай эле. Учурда биздин эң чоң көйгөйүбүз экспорт менен импорттун айырмачылыгы, экспорт импортко караганда 3,5 эсеге көп болуп жатат. Бул эмнени түшүндүрөт? Кыргызстан дүйнөгө 3,5 эсе аз продукция берип жатат. А биз, тескерисинче, 3,5 эсе көп сатып алып жатабыз. Өндүрүш аз болуп, атаандаштык катары башка жакка утулуп жатабыз.
Марал:Курула турган борбор Казакстандагы «Хоргос» базарына канчалык деңгээлде атаандаш боло алат?
-ЕАЭБге киргизе турган болсо, өзүнө тиешелүүнү ала турганга мүмкүнчүлүктөр бар. Ошол эле учурда биздин мамлекеттик кызматкерлерден да көз каранды. Эгерде бажы кызматы абдан бат жана таза иш алып барып жатса, коррупциялык схемалар болбой, туура жана так жайгаштырса, конкурент боло алат. Болгону биздин бажыдан жана мамлекеттик кызматкерлерден көз каранды болот. Казактардыкына караганда продукцияларды батыраак өткөрүп берип турса, атаандаштыкка шарттар түзүлөт. Эгерде жогорудагы критерийлерге жооп бербесе, бизнес күчтүү атаандашты талап кылып издейт. Анда калып калышыбыз мүмкүн.
Марал: Евразия Экономикалык Биримдик үчүн логистикалык борбор өзүнө ХАБ болуп бере алабы?
-Негизи, толук мүмкүнчүлүктөрү бар. Бирок биз бир гана ЕАЭБге жана Кыргызстанга кире турганды эмес, Кытайга да товар жөнөтүүнү пландасак жакшы болмок. Бир нерсени түшүнүп коюшубуз керек, өзүбүздүн акчабыз менен бюджетибизди, экономикабызды күчтөндүрүп алсак болот. Биз импорт эле кылып жүрө берсек, анда узак мөөнөттөгү туура эмес стратегия болуп калат.
Марал: Бул жерде кандай тобокелчиликтер бар? Өкмөт эмнелерди эске алышы керек? Борбордун келечекте иштеп кетүү ишеничи барбы?
-Менин оюмча, бул жактагы бардык процесстер ачык-айкын өтүшү керек. Биз Европа өлкөлөрүндөгү алдыңкы компаниялар менен жолугушуп сүйлөшкөндө, алар ар дайым рейтингдерге карашат. Эгерде рейтинг азыркыдай болсо, салынып жаткан логистикалык борбор канча убакытка чейин кызмат кылат деген күмөндүү ойлор бар. Ошон үчүн таза иш жүрүп, 2-3 эл аралык аты таанылган компанияларды бул жакка киргизип алса, борбордун өмүрү узун болот.