Биз менен байланышыңыз

Чек ара: Бүтпөгөн сүйлөшүүлөр, чечилбеген маселелер

Саясат | 14 Янв 2020 | 893 | 0

Жогорку Кеңештин тармактык комитети кыргыз-тажик чек арасын  делимитациялоо жана демаркациялоо ишин эки өлкөнүн ортосунда болуп жаткан чырлуу окуяларга байланыштуу жабык эшик артында карашты. Анда Мамлекеттик чек ара кызматы, тышкы иштер министрлиги жана тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү маалымат беришти.

Кыргыз-тажик чек арасын  делимитациялоо жана демаркациялоо иши жана эки өлкөнүн ортосунда болуп жаткан чырлуу окуялар боюнча маселени Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети жабык карашты. Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев тиешелүү органдар маалымат бергенин айтып, сүйлөшүүлөрдөн кийин гана  маселе чечилет деген пикирин билдирди:

-Биз учурда чек ара боюнча маалыматты гана уктук. Вице-премьер-министр келсе, дагы бир отурумдан кийин  баабызды берип, сунушубузду айтабыз. Комитет жыйынына көпчүлүк жетекчилер келбей  калды. Учурда эки тараптын өкүлдөрү сүйлөшүп жатат, биз дагы өкмөткө өз сунушубузду айтып жатабыз.

2002-жылдан бери жерди тактап алуу керектигин айтып келе жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Умбеталы Кыдыралиев Тажикстан тарап макул болбой жаткандыктан, чек ара маселеси ушул күнгө чечилбей келатканын төмөнкүчө билдирди:

-18 жылдан бери кыргыз тарап чек араны тактап алууну айтып келебиз. Бирок коңшу өлкө буга так жооп бербей жатат. Жер такталбаса, эки тарап макулдашпаса, бир сөз менен айтканда чек ара көйгөйү чечилбейт. 

Бүгүн комитетте Вице-премьер-министр чек ара боюнча жүрүп жаткан иштер боюнча маалымат бермек. Бул убакытта  Жеңиш Разаков Тажикстандын вице-премьер-министри Азим Иброхим менен Баткен районунун Кызыл-Бел айылына чектеш Тажикстандын Гүлистон айылындагы Гүлистон чек ара бекетинде жолугуп сүйлөшүштү. Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаал, аны турукташтыруу боюнча мындан аркы чаралар, чек ара коопсуздугун бекемдөө, чек ара окуяларын алдын алуу чаралары, ошондой эле кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин активдештирүү маселелери талкууланды.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков дипломатиялык линия боюнча туруктуу иштер жүргүзүлгөнүн, техникалык топтун ишинин акыркы маалыматтары боюнча 134 ири масштабдагы топографиялык карта даярдалганын, дагы 4-5ти даярдоо керектигин айтып, ал үчүн чек араны делимитациялоо үчүн иш майданы, иштөө инструменттери түзүлгөнүн белгиледи:

-Мамлекет башчылардын тапшырмасы менен вице-премьер-министрлер жетектеген өкмөттүк делегациялардын жолугушуусу болуп, анда үч багыт боюнча иш-чаралар белгиленген. Биринчиси – делимитация жана демаркациялоо боюнча туруктуу иштеп жаткан жумушчу топтордун иш графиги түзүлүп, аныкталды. Экинчи – эки өлкөнүн топографиялык топторунун жетекчилеринин иш графиги түзүлдү, биз тараптан Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Каныбек Ботобаев иш алып барат. Үчүнчү – ири масштабдагы топографиялык карталар менен түзүүнүн үстүндө иштей турган техникалык группанын иш графиги түзүлдү. Делимитация – бул өтө оор процесс жана чек ара сызыгын метрге чейин аныктоого мүмкүн болгон ири масштабдагы карта керек. Өткөн убакыттын ичинде ар кандай деңгээлдеги 20дан ашык жолугушуу болду. Техникалык топтун ишинин акыркы маалыматтары боюнча 134 ири масштабдагы топографиялык карталар даярдалды, дагы 4-5ти даярдоо керек. Мамлекеттик чек араны делимитациялоо үчүн иш майданы, иштөө инструменттери түзүлдү

Чек арадагы үйлөр шахмат тартибинде жайгашып калган айылдар бар. Булар: Көк-Таш, Таш-Тумшук, Мазиеттин жери. Кандайдыр бир чыр-чатак жаралган учурда үйлөр шахмат тартибинде жайгашып, эки өлкөнүн калкы  аралаш жашагандыктан, биздин укук коргоо, күч органдарынын аракеттенүүсүнө бир топ кыйынчылык жаралып жатканын айтышат.

Экс-вице-премьер министр Абдрахман Маматалиев мындан 4 жыл мурун жерлер такталып, чечиле турган абалга барганын айтып, бирок азыр маселелер  бүдөмүк болгондуктан чечилбей жатат. Тиешелүү адистер жер маселесин чечсе, чек ара тынч болот эле деген пикирин билдирди:

-Негизи, чек арадагы жер маселесин буга чейин эле тактап, эки тарап сүйлөшүп, макулдашкан болчу. Бирок, ушул маселе ошол бойдон чечилбей калды. Ал эми азыр Тажик тараптын эмне себептен макул болбой жатканын билбейм. Бул чек арада эки эл аралаш жашагандыктан, эки өлкөнүн макулдашуусу менен гана чечиле турган  өтө курч маселе. Тиешелүү органдар биргеликте жер маселсин аныктап, чечүүсү керек, Ошондо гана толугу менен чек ара көйгөйү бүтөт.

Эскертсе кетсек, Көк -Таш айылында 10-январга караган түнү чыр чыккан. Тажик тарап кыргыз жарандарынын унааларын талкалап, ошол эле күнү тажик тараптан  таң атканга чейин ок атылыган. Бул чатактан соң, Кыргызстан окуя үчүн тажик жарандарын айыптаса, Тажикстан чатакка кыргыз жарандарынын аракети түрткү болгонун билдирген. Көк-Таш айылынын тургундары жана Баткен облусунун активисттери  ок атышуудан улам чек ара маселесин тез арада чечүүнү талап кылып, президентке кайрылуу жасаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM