Биз менен байланышыңыз

Эксперт: Ак илбирске атайылап ок атылды деп ойлобойм

Күн чекит | 13 Янв 2020 | 413 | 0

Таласта кансыраган абалында табылган ак илбирсти аткандар кармала элек. Жарадар болуп, 9-январь күнү Таластын Көк-Ой айылында табылган ак илбирске Бишкекте операция жасалып, денесинен жалпы 18 чачма ок алынды. Ал эми Нарындан алынып келинген ак илбирс Ысык-Көлдөгү жаныбарларды реабилитациялоо борборуна жеткирилди. Ушундан улам, ак илбирсти коргоо жетишерлик деңгээлде болбой жатабы? Эмне үчүн аталган жаныбар бийик тоодо жүрүп, эл арасына түшүп келип жатат? Буга эмне себеп болушу мүмкүн деген суроолордун тегерегинде «Илбирс» Коомдук Фондусунун директору Заирбек Кубанычбеков менен «Күн чекит» прграммасында маек курдук.

Марал: Заирбек мырза айтсаңыз, эмне үчүн Ак илбирстер ылдый түшүп жатат. Баарыбыз билгендей, ал ак кар, көк музда жүргөн жаныбар эмеспи. Булардын ылдый түшүшүнө эмне себеп болушу мүмкүн?

-Ооба, ак илбирс тоодо жүргөн жаныбар. Бирок, жаныбардын бардыгы тоодо жүрөт дегенден алысмын. Анткени буга ар кандай себептер таасирин тийгизет. Алардын бири жаныбардын карып калгандыгын айтсак болот. Бул жаныбардын жей турган негизги тамагы аркар менен кулжа болгондуктан, аларды кубалап, кармап жегенге туура келет. Карып, алы жетпей калганда да мындай кырдаалдар болуп кетиши мүмкүн. Мындан сырткары, оңой оокатка качырып айылдагы мал-жанга кол салган учурлары да буга чейин кездешкен. Ал эми ак илбирстин эл жашаган жерге түшкөнү кыргыздар үчүн абдан таң калыштуу болуп жатат. Анткени буга чейин мындай кырдаалдар катталган эмес да. Башка мамлекеттерде ушул сыяктуу окуялар бир жылда 3-4 жолудан катталып турат. Биз шарт эле ак илбирстин жеген тамагы түгөнүп калды, ошон үчүн айылдагы малга кол сала баштады дегенибиз туура эмес. Маселен, Тажикистан жана башка коңшу мамлекеттерде да илбирс кол салган жагдайларды сураштырганбыз. Анда алар жей турган тамактары жетиштүү эле болуп чыккан, болгону биз ак илбирстин карыганы, ал-күчтөн тайганы деп бир тыянакка келгенбиз. Экинчиден, жаш илбирстер энесинен эрте ажырап, жашоо шартка көнүшө албай жатканда да ушундай жагдайлар кездешет.

Марал: Негизи, илбирсти атууга мараторий жарыяланган эле. Бирок ага карабастан кол салуулар болуп жатат. Учурдагы кабыл алынган мыйзамдар, коргоолор канчалык деңгээлде иштеп жатат?

-Ак илбирсти атканга болбойт. Кимде-ким атса, 1,5 млн сом айыппулга жыгылары айдан ачык эле айтылып келе жатат. Бирок ага карабастан, кол салуулар болуп жатканын көрүп жатабыз. Мен ушул жерден бир нерсени кошумчалай кетсем, ак илбирсти атайылап деле аткан эмес. Менин оюмча, жогорудагы илбирске аткан адам атайылап  аңчылыкка чыккан эмес. Болгону маңдай-тескей чыгып калып, же бирөөнүн сарайына кирип малын жейин дегенде атылган. Эмне үчүн? Анткени жакын аралыктан, чачма ок менен атылган. Чачма ок башына эле үйүлүп тийген. Эгерде алысыраактан атылганда чачма октун азыраагы эле тиймек. Дагы бир нерсе, ак илбирске аңчылыкка чыккан адам эч качан чачма ок колдонмок эмес. Мараторий жарыяланса да, жарыяланбаса да, ак илбирсти атууга болбойт. Анткени бул жаныбар Кызыл китепке кирген да. Кызыл китептеги бардык жаныбарларга аңчылык кылууга болбойт.

Марал: Ак илбирсти коргоо үчүн мыйзамдан башка дагы кандай аракеттер, иш-чаралар уюштурулушу керек?

-Атайын түшүндүрүү иштери көп жүргүзүлүшү керек. Бул багытта иш алып барган уюмдар биригип алып, айыл жергесине атайын брощюраларды таратып, эгерде ак илбирс келсе, ал жагдайдан кантип чыгуу керек? деген сыяктуу кадамдар жасалышы керек. Ошол эле мезгилде жаныбарга да адамга да залакасы тийбей турган түшүндүрүү иштери болуп турушу кажет. Биз 20 мыйзам кабыл алып туруп деле, элге жетишерлик маалымат тарата албасак, мыйзамдан майнап чыкпайт. 

Марал: Жалпы эле ак илбирсти кантип көбөйтсө болот?

-Ак илбирсти коргош керек. Атпаш керек. Карышкырга жана башка жаныбарга салыштырмалуу бул жаныбар эки жылда бир тууганына байланыштуу, көбөйөйүшү кыйыныраак. Аны корубаш керек. Чочутпаш керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM