Биз менен байланышыңыз

Көк-Таш айылынын тургундары президентке кайрылды. Алар айткан сунуштар….

Саясат | 13 Янв 2020 | 636 | 0

Баткен облусунун Көк-Таш айылынын тургундарынан турган топ Бишкекте маалымат жыйын өткөрүштү. Жыйынга Баткендин Көк-Таш, Ак-Сай айылынын тургундары катышып, анда  кыргыз–тажик чек арасында ок атышуудан улам чек ара маселесин тез арада чечүүнү талап кылып, президентке кайрылуу жасашты. Эки тараптын бийлик өкүлдөрү жолуккан менен маселе чечилбей жатканына нараазычылыгын билдирип, алгач маселенин себебин аныктоо керектигин айтышты. Алар  өз талаптарын гана айтпастан, бул ирет  өз сунуштарын беришти.

Тажик-кыргыз аралашып жашагандыктан, жер маселесин чечүүдө жер алмаштыруу керектигин  Көк-Таш айылынын тургуну Халматов Саатбек айтты:

— 3 жылдан бери жер маселеси көтөрүлүп келет, бирок эч кандай жыйынтык чыкпай жатат. Биз президентке биринчи жолу кайрылып жаткан жокпуз, эми да биз өз сунуштарыбызды айтып келдик. Айылда эки эл аралашып жашагандыктан, жер шахмат түрүндө жайгашкан. Мындай жагдайда жер маселесин чечүү оор.  Ошондуктан, жерди алмаштыруу, элди эки жакка бөлүү керек.

Активисттердин айтымында, аймакта таза суу, жол маселеси чечилбей, элдин жашоо-турмушу ансыз деле оор абалда турат. Анысы аз келгенсип, кошуна улут өкүлдөрү менен кагылышуулар айыл тургундарынын уйкусун бузуп жатканын Көк-Таш айылынын тургуну  Абдулла Назаров баса белгиледи. Мындан улам, жергиликтүү элдин коопсуздугу үчүн Чек ара кызматын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигин чек ара чыры көп катталган аймакка жакын көчүрүүнү суранышат:

Качанга чейин түн ичинде ок атылган учурда, милиция кызматкерлерин, бийлик өкүлдөрүн күтөбүз. Айыл тургундары «кайсы убакта ок атылат» деп түнү тынч уктай албай жатат. Биз ата-бабабыздан калган жерде тынч жашагыбыз келет. Бийлик өкүлдөрүн кетирүү, же бир партияга кошулабыз деген ниетибиз жок.

2019-жылдын 18-декабрында  Көк-Таш айылынын тургундары айылдагы мечиттин жанына чогулушуп турганда, Тажикстандын Исфара районунун Майский айылынын тургундары жолдон өтүшкөн. Эки өлкө тургундарынын ортосунда пикир келишпестик орун алып, бири-бирине таш ыргытып, урушуп кетишкен.

Ал эми ушул жылдын 11-январында Көк-Таш айылынын тургундары жолдон өтүп бара жаткан Көк-Таш айылынын Дахма участкасынын М.Назаров көчөсүндө Тажикстандын жаранынын “Хундай-Портер” үлгүсүндөгү унаасын таш менен уруп, эки капталындагы терезелерин талкалап салышкан.  Бул жагдай Баткен райондук ички иштер башкармалыгынын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине Жазык Кодексинин 264-беренесинин 1-бөлүгү менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер бөлүмүнүн маалымат катчысы Дамира Юсупова билдирди.

 -11-январда Көк-Таш айылынын тургундары жолдон өтүп бара жаткан Көк-Таш айылынын Дахма участкасынын М.Назаров көчөсүндө Тажикстандын жаранынын “Хундай-Портер” үлгүсүндөгү унаасын таш менен уруп, эки капталындагы терезелерин талкалап салышкан. Бул жагдай Баткен райондук ички иштер башкармалыгынын маалыматтардын электрондук журналына «Ээнбаштык» беренеси менен катталып, текшерүү иштери башталган. Жогорудагы кылмыштарга катыштыгы бар, же аларды уюштурганга тиешеси бар Көк-Таш айылынын жогорудагы 4 жаранын тиешелүү далилдери менен суракка алып келген учурда, алардын экөөсүнүн жанынан тийиштүү документтери жок ок атуучу курал алынып, соттук-экспертизалар дайындалды

Мындан улам «Чек ара» коомдук бирикмеси кыргыз-тажик чек арасында чыккан чырда күч органдары тарабынан кармалган 4 жаранды тез арада бошотуу талабын коюп, борбордук «Ала-Тоо» аянтына митингге чыгышты. Ага отузга жакын жаран катышты.

Ошону менен катар, Баткенде да «тажик-кыргыз чырында чагымчылдык жасады» деп шектелип кармалган кыргыз жарандарын бошотууну талап кылып Көк-Таш айылынын тургундары митингге чыгышты.

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков «чек ара маселелеринин чечилбей жатканы — мамлекеттик саясаттан эмес, эки өлкөнүн ортосундагы мамиледен көз каранды» дейт. Ошондой эле  депутат чек ара маселелери боюнча жооптуу болгон вице-премьер-министр Жеңиш Разаковго жергиликтүү эл ишенбегендиктен, анын ордуна азыркы акыйкатчы Токон Мамытовду жиберүүнү, же болбосо ИИМдин мурунку орун басары Курсан Асановду кызматка алып келүүнү туура көрөт.

 Эки жылдан бери эки метр жерди тактай албаган өкмөткө ишенүүнүн канчалык кажети бар? 10-январда Баткендеги чек арада кайрадан ок атылды, мен ошондо өкмөт башчынын реакциясын күттүм. Ал тажик тарап менен сүйлөшүү жүргүзгөнүн, чек араны катуу кайтаруу боюнча тапшырма бергенин айтышты. Мамлекеттик чек ара буга чейин бош кайтарылып келгенби? Жыл башталышы менен эле өкмөт башчы кыргыз-казак чек  арасындагы, кыргыз-өзбек чек арасындагы, кыргыз-тажик чек арасындагы жагдай боюнча өктөм үн чыгарып айта албай жатат. Кыргыз-тажик чек арасындагы аймактарды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча иш башталат деп ынанымдуу айтылган. Бирок иш жасалбай жатат. Ошондуктан, өкмөт башчыны чек ара маселесин чече албаганы үчүн отставкага кетирүүгө толук негиз бар болчу. 

134 топографиялык карта даяр экенин вице-премьер-министр Жеңиш Разаков айтып, чек арада эки эл аралаш жашагандыктан, жер маселесин чечүү оор болуп жатканын, Тажикстанга жер алмашууну сунуштап, бирок жооп ала электигин билдирди.

-Эки өлкөнүн өкүлдөрү жолугушууларды уюштуруп, сүйлөшүп жатат. Жолугушуу болгону менен ортодо пикир келишпестик болуп жатат. Жер алмаштырууну биз сунуштап келебиз, топографиялык карталарды аныктаганбыз. Бирок Тажикстан тарап сунушубузду кабыл алганы менен, так жооп бербей жатат. Учурда жер маселеси боюнча тактоо иштери жүрүп жатат.   

Эскерте кетсек, 10-январга караган түнү саат 00:40 чамасында Баткен районунун Орто-Боз айылынын Жака-Өрүк участкасы аркылуу өткөн Ош-Баткен-Исфана унаа жолунда “Хонда Одиссей” үлгүсүндөгү унаасына тажик жарандары тарабынан таш ыргытылып, терезелерин талкалап салышкан.

Андан сырткары ошол эле күнү түнкү  саат 02:40 чамасында Баткен районунун Көк-Таш айылынын Дахма участкасында Тажикстан тараптан белгисиз ок атуучу куралдан ок атылган.  Учурда чек арада абал туруктуу, күч түзүмдөрү көзөмөлдөп жатат. Ал эми Көк-Таш айылындагы орто мектепке убактылуу жайгыштырылган 300гө жакын эл кайра өз үйүнө көчүрүлдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM