Биз менен байланышыңыз

Омандын жаңы султанынын аты аталды

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Янв 2020 | 822 | 0

Оманды дээрлик 50 жыл башкарган султан Кабус бен Саид Аль Саид 10-январь, жума күнү 79 жашында көз жумгандыгына байланыштуу Омандын жаңы султаны болуп Улуттук тарыхый мурас жана маданият министри Хайсам бен Тарек Аль Саид дайындалды. Бул тууралуу kommersant.ru. сайты жазып чыкты.

Жергиликтүү ЖМКлардын билдиргенине караганда, Хайсам бен Тарек Аль Саид Омандын Кеңешине ант берген.

Кабус бен Саид Аль Саиддин өлүмүнө байланыштуу Султанатта үч күндүк аза күтүү белгиленди. Ал 2015-жылдан бери рак илдетинен жабыр тартып келген. Артында баласы калбаган монарх өзүнүн ордуна кала турган орун басардын атын расмий жарыя кылган эмес жана анын ордуна башкаруучу үй-бүлөдөн султан боло турганы күтүлгөн болчу.

Өлкөнүн мыйзамына ылайык, өлкөнү башкарып жаткан үй-бүлө мүчөлөрү үч күндүн ичинде тактынын мураскеринин атын аташ керек . Эгер баары бир пикирге келбесе, аскер чиновниктеринин комитети, Жогорку соттун өкүлдөрү жана Омандын Кеңешинин эки палатасынын жетекчилери бийликти султан жазып кеткен катта көрсөтүлгөн адамга өткөрүп бермек.

Кабус бен Саид Аль Саид 1940-жылдын ноябрь айында жарык дүйнөгө келген. Ал Улуу Британиянын Королдук аскер академиясында билим алып, кийинчерээк британ жөө аскерлер бөлүгүндө кызмат кылган. Султан бийликке 1970-жылы болгон мамлекеттик төңкөрүштүн натыйжасында келип, өз атасын тактан оодарган. Султан Оманды өзгөрткөн масштабдуу реформаларды жүргүзгөн. Бирок укук коргоочулар Кабус бен Аль Саидди өлкөдө сөз эркиндигинин жоктугу жана бийлик менен макул болбогондорду камакка алгандыгы үчүн сындап келишкен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM