Биз менен байланышыңыз

Омандын султаны Кабус бен Саид дүйнөдөн өттү

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Янв 2020 | 980 | 0

Оманды дээрлик 50 жыл башкарган султан Кабус бен Саид Аль Саид 10-январь, жума күнү 79 жашында акка моюн сунду. Бул тууралуу Дойче Велле басылмасы жазып чыкты.

Жергиликтүү ЖМКлардын билдиргенине караганда, башкаруучу рак илдетинен жабыр тартып жүргөн. Султанатта үч күндүк аза күтүү белгиленди. Бул мезгил аралыгында өлкөдөгү мамлекеттик жана жеке мекемелер иштебейт.

Артында баласы калбаган монарх өзүнүн ордуна кала турган орун басардын атын жарыя кылган эмес. Өлкөнүн мыйзамына ылайык, өлкөнү башкарып жаткан үй-бүлө мүчөлөрү үч күндүн ичинде тактынын мураскеринин атын аташ керек. Эгер баары бир пикирге келбесе, аскер чиновниктеринин комитети, Жогорку соттун өкүлдөрү жана Омандын Кеңешинин эки палатасынын жетекчилери бийликти султан жазып кеткен катта көрсөтүлгөн адамга өткөрүп берет.

Кабус бен Саид Аль Саид 1940-жылдын ноябрь айында жарык дүйнөгө келген. Ал Улуу Британиянын Королдук аскер академиясында билим алып, кийинчерээк британ жөө аскерлер бөлүгүндө кызмат кылган. Султан бийликке 1970-жылы болгон мамлекеттик төңкөрүштүн натыйжасында келип, өз атасын тактан оодарган. Султан Оманды өзгөрткөн масштабдуу реформаларды жүргүзгөн. Бирок укук коргоочулар Кабус бен Аль Саидди өлкөдө сөз эркиндигинин жоктугу жана бийлик менен макул болбогондорду камакка алгандыгы үчүн сындап келишкен.

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM