Биз менен байланышыңыз

Чек ара маселеси чечилбеген, азабы арылбаган Баткен

Кыска кабар , Саясат | 11 Янв 2020 | 1020 | 0

Баткен облусунун Жака-Өрүк айылында кыргыз-тажик жарандарынын арасында кырдаал кайрадан курчуду. Кыргызстандын жарандары улам кайталанган тажик тараптын опузалоо аракеттерине кабылып, эрксизден жылуу орундарынан козголушуп, коопсуз жайларга көчүрүлүүдө. Чек ара тынчыбай кайрадан ок атылып, таштар ыргытылып, жабыркаган кыргыз жарандары… Бул жагдай баткендиктердин көкөйүнө көк талкандай тийип, чек ара маселесин ким жана качан чечерин билбей баштары маң болуп турган чак. Бул тууралуу төмөндөгү материалдан кененирээк маалымат ала аласыздар. 

10-январга караган түнү  Кыргыз-тажик чек арасында Тажикстан тараптан Көк-Таш айылына кичи калибрдеги ок атуучу куралдан түнү маал-маал от атылган. Өз убагында тиешелүү органдар барып, буга каршы чара көрүлгөн. Кыргыз жарандарынын арасында октон жабырлангандар болгон жок. Көк-Таш айылынын тургундары копсуздук үчүн  Шайдулла Ганы орто мектебине жайгаштырылды. Алардын жалпы саны 300 чамалуу.

Чек ара кызматынын расмий өкүлү Сажыра Чоколоева учурда абал туруктуу экенин айтып, жаңжал курчуп кетпеши үчүн чек ара кызматкерлери  күчөтүлгөн тартипте иштеп жаткандыгын билдирди:.

10-январга караган түнү саат 00:40та белгисиз адамдар Баткен шаарына бара жаткан  Кыргызстандын жаранына таандык унааны таш менен ургулашкан. Андан соң, алар Тажикстандын аймагына кире качышкан. Кыргызстандын укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча унаанын ичиндеги Кыргызстандын жарандарынын арасынан жаракат алгандар бар. Унаанын арткы жана капталдагы айнектери талкаланган.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Дамира Юсупова чек ара кызматынын төрага орун басары Абдикарим Алимбаев окуя болгон жерине барып, чек ара аскерлеринин өзү көзөмөлдөп жатканын маалымдады:

Ок атылган түнү эле окуя болгон жерге милиция кызматкерлеринин баары барышкан. Алар азыр дагы күчөтүлгөн тартипке иштеп жатышат. Ошондой эле, чек ара кызматынын орун басары өзү аскерлерге тапшырма берип, абалды көзөмөлдөп жатат. Учурда абал турукташып, окуяны ырбатып жибербөө үчүн аскер кызматкерлери өз милдеттерин аткарып жатышат. 

Кыргыз-тажик чек арасындагы  жаңжал боюнча Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетине караштуу чек ара аскерлери жаңжалдын чыгышына Баткен районундагы Көк-Таш айылынын тургундарын күнөөлөп, алар тажик жарандарынын жолдон өтүшүнө жолтоо кылышкан деп маалымат берди.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Чолпон Бердикулова  окуя болору менен эле тиешелүү органдар күчөтүлгөн тартипте иш алып барып жатканын айтып өттү:

-Эки тараптын өкүлдөрү сүйлөшүп, кырдаалды турукташтыруу, жергиликтүү элдин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, чек арачылар, ички иштер кызматкерлери менен биргеликте иш алып барууну макулдашты. Болжол менен ушундан бир сааттан кийин Баткенден Көк-Ташка кетип бара жаткан Кыргызстандын башка жаранынын унаасына тажикстандыктар Көчө-Карын аттуу жерде таш менен кол салышкан. Натыйжада, унаанын маңдайкы айнеги талкаланган. Учурда Көк-Таш айылынын тургундары коопсуз жайга жайгаштырылып, керектүү тамак-аш, буюмдар менен толук камсыздалып жатат. 

Көк-Таш айылдык кеңешинин депутаты Абдиманнап Шайдуллаев таң атканча ок атылган жерде болгонун, тажик тараптан ок атуу түнү башталып, таңкы саат 7ге чейин уланганын айтат:

-Түн ичинде кабар келери менен, биз дароо чек арага келдик. Кадимкидей ок атылды. Ок атуу эртең мененки 7ге чейин уланды. Бул дайыма эле кайталанып туруучу маселе болуп калды окшойт. Бүгүн Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары келди. Президент чече албаган маселени, ушулар чече алмак беле. Арга кеткенде Көк-Таш айылынын тургундары убактылуу мектепке эвакуацияланды. Жарандарыбызды тамак-аш, керектүү буюмдар менен камсыздап жатабыз. 

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин  Мухриддин менен телефон аркылуу байланышып, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Тажикстан жарандары тарабынан ок атуучу курал колдонулгандыгына, ошондой эле Кыргызстандын жарандарынын автотранспорттук каражаттарына таш ыргытылгандыгына байланыштуу тынчсыздануусун билдирди. Ошондой эле, Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Олимзода Сухроб Ходжа менен жолукту. Анда Чек арадагы чагымчыл аракеттерге байланыштуу тажик тарапка Тышкы иштер министрлигинин кезектеги протест билдирүү нотасы тапшырылганы тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаментинин жетекчиси Улан Дыйканбаев төмөнкүчө маалымдады:

-Бүгүн Ички иштер министрлиги Тажикстандын тышкы иштер министрлиги менен телефон аркылуу сүйлөшүп, тынчсызданганын билдирди. Ошондой эле, Кыргызстандын Тышкы иштер министри Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Олимзода Сухроб Ходжа менен жолукту. Министрлик чек арадагы абалдын туруксуздугунан улам  кезектеги протест билдирүү нотасын тапшырды. Буга чейин да бул бир нече ирет берилген. 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев чек арадагы маселени чечүүгө тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды берди. Анда окуянын чыңалуусуна жол бербөө үчүн тиешелүү уюмдар тез аранын ичинде чара көрүүсү керектигин айтты. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Эсенгулов маалымат берди.

Ок атышуу болгон тушта Ош-Баткен автожолунун Орто-Боз айылынан өткөн Жака-Өрүк аймагында кыргыз жарандарынын эки унаасын таш менен уруп, талкалап кетишкен. Унаанын ичиндеги кыргыз жарандары жеңил  жаракат алышкан. Учурда Орто-Боз айылынын Жака-Өрүк участкасы аркылуу өткөн Ош-Баткен-Исфана автоунаа жолу ачык.

Эске салсак, акыркы жолу 18-декабрда Баткен районунун Көк-Таш айылында чек арада чыр чыккан. Анда кыргыз тараптан алты киши жабыркаган. Кыргыз-тажик чек арасында байма-бай ок атышуулар болуп келет, жер маселесин тактоонун зарылчылыгын эскперттер какшап айтып келишет. Буга чейин бир топ эл өкүлдөрү маселени көтөрүп, анда  мамлекеттик чек ара кызматын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигин түштүк аймакка көчүрүүнү сунушталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM