Биз менен байланышыңыз

Чек ара кызматы: Баткенде тажиктер ок атууну токтотту

Кыска кабар | 10 Янв 2020 | 1027 | 0

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында кырдаал туруктуу, ок атуулар токтотулду. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Чек ара кызматы күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өткөн. Өткөрүү пункттары штаттык режимде иштөөдө. Жеринде Мамлекеттик чек ара кызматынын биринчи орун басары Абдикарим Алимбаев бар.

10-январга караган түнү саат 00:40та белгисиз адамдар Баткен шаарына бара жаткан  Кыргызстандын жаранына таандык унааны таш менен ургулашкан. Андан соң алар Тажикстандын аймагына кире качышкан.

Кыргызстандын укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча унаанын ичиндеги Кыргызстандын жарандарынын арасынан жаракат алгандар бар. Унаанын арткы жана капталдагы айнектери талкаланган.

Болжол менен бир сааттан кийин Баткенден Көк-Ташка кетип бара жаткан Кыргызстандын башка жаранынын унаасын тажикстандыктар Көчө-Карын жергесинде таш менен ургулашкан. Натыйжада, унаанын маңдайкы айнеги талкаланган.

Болжол менен түнкү саат 02.40та Дахма жергесинде Тажикстандын жарандары Кыргызстандын жаранынын үйүн таш менен ургулашкан. Ал жерге укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен бирге бараткан чек арачылар Тажикстан тараптан майда калибрлүү мергенчилик куралдан чыккан окко учурашкан. Ок атуулар тажик тараптан гана чыгып, маал-маалы менен кайталанган.

Учурда чек арадагы чырга байланыштуу Баткенде милициясы күчөтүлгөн тартипке өттү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM