Биз менен байланышыңыз

Президент 2020-жылы эмнелерге көңүл бураарын айтты

Кыска кабар | 3 Янв 2020 | 1017 | 0

Бүгүн, 3-январь күнү Президент Сооронбай Жээнбеков Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушту. Жолугушууда  2019-жылдагы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жыйынтыктары жана  2020-жылда аткарылуучу долбоорлор тууралуу сүйлөшүштү.

Тагыраак айтканда, Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын алкагында 2023-жылга чейинки артыкчылыктуу багыттарды, аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча чаралар талкууланды.

Президент өлкөнүн аймактарын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясат экономиканы өнүктүрүүгө багытталган чаралардын комплексин камтыганын баса белгиледи. Анын ичинде үй-бүлө институту, балдарды коргоонун социалдык деңгээлине таасир тийгизген ички миграцияны азайтуу максаты да коюлат. Муну эске алуу менен бул жылы мамлекет өсүп келе жаткан муунду тарбиялоо боюнча үй-бүлөлүк салттарды бекемдөө маселелерине өзгөчө көңүл бура турганын айтты.

2020-жылы Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында облустарды инфраструктуралык жактан өнүктүрүү, жер-жерлерде ишкердикти колдоо, өлкөнү санариптештирүүнү улантып, балдарды жана балалыкты социалдык жактан коргоону күчөтүү зарыл.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев аткаруу бийлик органдарынын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары, Өкмөттүн 2020-жылга карата пландары жана милдеттери, республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө маалымат берди.

Ошондой эле, мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Кайчылаш жылынын жана Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгынын алкагындагы иш-чараларга көңүл бурду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM