Биз менен байланышыңыз

Оң рулдуу такси унааларына айып салынбай турган болду. Түшүндүрмө

Кыска кабар | 30 Дек 2019 | 1639 | 0

Өкмөт оң рулдуу унааларды пайдалануунун социалдык маанисин эске алуу менен 1-январдан тарта мындай унааларды коммерциялык максатта пайдаланууга тыюу салбай турган болду. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Анда Өкмөт Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Эргешовдун көрсөтүлгөн тыюу салуунун күчүнө кирүү мөөнөтүн 2025-жылга чейин жылдыруу жөнүндө демилгесин колдой тургандыгы айтылган.

Айрым унаа ээлеринин жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын позициясы эске алынып, парламент тарабынан мыйзам долбоору чечилгенге чейин 2020-жылдын 1-январынан тартып унаалардын бул категориясындагы айдоочуларга айып салбоо чечими кабыл алынды.

Белгилей кетсек, буга чейин 2020-жылдан тарта оң рулдуу унааларды коммерциялык багытта колдонууга тыюу салган мыйзам кабыл алынган болчу. Депутат Алмазбек Эргешов бул мыйзамдын күчүнө кирүү мөөнөтүн 5 жылга узартууну сунуштаган.

Copyright © 2017 Maral FM