Биз менен байланышыңыз

29-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 29 Дек 2019 | 494 | 0

Синоптиктер 29-31-декабрь күндөрү өлкө аймагында дагы бир ирет кар жаай турганын кабарлайт.

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 29-декабрда күндүз Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, карга айланат. Ал эми  Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын болбойт. Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир аймактарында кар жаайт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -2…+3, күндүз 2…7;

Таласта түнкүсүн -3…+2, күндүз 2…7;

Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн -1…+4, күндүз 4…9;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…-5, күндүз 1…6;

Нарында түнкүсүн -15…-20, күндүз -8…-13;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -16…-21, күндүз -5…-10 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3°, күндүз 5…7 градус болот.

30-31-декабрда көпчүлүк аймактарда кар жаашы мүмкүн. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын арбын болушу ыктымал. Жолдорго муз тоңуп, тоолуу аймактагы жолдордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, тоолуу жактарда 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM