Синоптиктер 29-31-декабрь күндөрү өлкө аймагында дагы бир ирет кар жаай турганын кабарлайт.
Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 29-декабрда күндүз Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, карга айланат. Ал эми Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын болбойт. Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир аймактарында кар жаайт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -2…+3, күндүз 2…7;
Таласта түнкүсүн -3…+2, күндүз 2…7;
Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн -1…+4, күндүз 4…9;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…-5, күндүз 1…6;
Нарында түнкүсүн -15…-20, күндүз -8…-13;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -16…-21, күндүз -5…-10 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3°, күндүз 5…7 градус болот.
30-31-декабрда көпчүлүк аймактарда кар жаашы мүмкүн. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын арбын болушу ыктымал. Жолдорго муз тоңуп, тоолуу аймактагы жолдордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, тоолуу жактарда 15-20 метрге жетиши ыктымал.