Биз менен байланышыңыз

«Туу көтөргөн залкарды биз туу тутпадык»

Билим-маданият | 24 Дек 2019 | 975 | 0

24-декабрь белгилүү кинорежиссёр Болот Шамшиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында болду. Маркум менен коштошууга маданий коомдук ишмерлер, саясатчылар, эл өкүлдөрү, мамлекеттик кызматкерлер жана шаар тургундары келишти.

Кыргыз ССРинин Эл артисти наамына татыган режиссерду замандаштары, жакындары, пикирлештери өзгөчө таланттуу инсан катары эскеришип, кыргыз киносунун дүйнөлүк аренага чыгышындагы анын салымын, көптөгөн актёрлордун талантын, алардын ички дараметин ачкан көрөгөч жетекчи болгонун баса белгилешти.

Президент Сооронбай Жээнбеков Болот Шамшиевди акыркы сапарга узатуу зыйнатына байланыштуу көңүл айтуу кайрылуусун жолдоду. Мамлекет башчысынын кайрылуусун Президенттик Аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев окуду.

Болот Шамшиевдин керемет кинотасмаларды тартып, Советтер Союзуна гана эмес, эл аралык деңгээлде да таанылганын өлкө президенти кайрылуу катында баса белгилеген:

Болот Шамшиевдин чыгармалары кыргыз киносунун «кереметин» түптөгөн өзгөчө бир доордун ажырагыс бөлүгүн түзөт. Анын режиссердук таланты улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары аркылуу толук ачылып, ал 20-кылымдын киноклассиктеринин бири болуп калды. Болот Шамшиев „Манас“ эпосуна жөн гана эпикалык чыгарма катары эмес, биздин дүйнө таанымыбыздын уңгусу, ыйык феноменибиз катары мамиле кылды. Биринчи тарткан илимий-популярдуу тасмасы Манас темасына арналды. Бул фильм Германияда өткөн эл аралык кинофестивалда баш байгеге татыган. Ал эми 1995-жылы „Манас“ эпосунун 1000 жылдык мааракеси белгиленгенде масштабдуу чоң театралдаштырылган оюндун башкы режиссеру болгон.

Болот Шамшиев мамлекеттик жана коомдук ишмер катары да үзүрлүү эмгек өтөп, Жогорку Кеңештин эки жолку чакырылышынын депутаты болгон. Мындан сырткары, Туризм жана спорт агенттигинин директору, ошондой эле элчилик кызматтарды да аркалаган.

Ушундан улам ЖК төрагасы Дастан Жумабеков анын кино тармагындагы жана өлкөнүн коомдук өнүгүүсүндөгү эмгектерине токтолду:

-Жогорку Кеңештин жалпы депутаттарынын атынан оор жоготуудан кабыргасы кайышып турган Болот Шамшиевдин үй-бүлөсүнө, жакын санаалаштарына көңүл айтып, аза-кайгыларын тең бөлүшөбүз. Болот Шамшиев чыгаан кинорежисер, таланттуу киноактер, сценарист, улуттук жана эл аралык деңгээлдеги иш-чаралардын мыкты уюштуруучусу катары эсте калды. Болот Шамшиев Кыргызстан жаңыдан эгемендикке ээ болгон өткөөл кезеңде легендарлуу парламенттин депутаты болгон. Ал мамлекеттик желек, герб, тил жөнүндө мыйзамдардын кабыл алынышына, кыргыз парламентинин өнүгүшүнө зор салым кошкон.

Болот Шамшиев белгилүү актриса Сабира Күмүшалиеваны театрдан киного алып келген, Сүймөнкул Чокморовдун талантын ачкан, Советбек Жумадылов, Орозбек Кутманалиев сыяктуу актёрлорду кино дүйнөсүнө тартып, кино жылдыздарына айланткан.

Актер Мурат Мамбетов артисттер үчүн Шамшиевдин киносуна тартылуу чоң тажырыйба жана сыймык болгонун айтат:

-Болот Шамшиев улуу талант болчу. Артисттер менен иштегени, артистерди тандаганы башкача болчу. Ойлоп көрсөм, бир топ артистердин багын ачкан экен. Сүймөнкул Чокморовду тапкан. Кийинчерээк Орозбек Кутманалиевдин башкача жагын көрсөткөн. Бизде, артисттердин арасында: “Болот Шамшиевдин киносуна түшкөнүң — институт же академияны бүтүргөнгө тете” деп айтылган сөз бар болчу.

Болот Шамшиев залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Ак кеме”, “Эрте келген турналар”, “Фудзиямадагы кадыр түн” сыяктуу бир катар чыгармаларын экрандаштырган. Анын бул эмгектери Айтматовдун чыгармаларынын таанылышына да салымы чоң болгонун жазуучунун бир тууганы, коомдук ишмер Роза Айтматова да белгиледи:

-Биздин үй-бүлө үчүн Болот Шамшиев абдан ардактуу, кымбаттуу киши эле. Анын чыгармачылыгы менен менин агамдын чыгармачылыгы жанаша жүрдү. Чыңгыз Төрөкуловичти кээде аябай мактап жатабыз. Эгерде Болот Шамшиевдей балдар болбогондо, Чыңгыз Төрөкулович жалгыз болсо, мынчалык атак-даңкка жетет беле же жокпу, аны бир кудай билет эле. Кыргызстандын киноискусствосу абдан өнүп-өсүп турган бир мезгил болгон. Болот Шамшиев ошол кереметти жараткандардын бири эле.

Ал эми саясатчы Адахан Мадумаров акыркы 30 жыл Болот Шамшиевге талантын ачып, чыгармачылыгын улантууга мүмкүнчүлүк берилбей, шарт түзүлбөй калгандыгы тууралуу оюн айткан. Ал өз сөзүндө Шамшиевге башка өлкөлөр көрсөткөн сыйды Кыргызстан көрсөтө албаганын белгилеген:

-Соңку канча жылдан бери  “Болот Шамшиев сыяктуу кыргыздын залкар адамдарына көңүл бөлүнсө” деп айтып келдим эле. Бул киши 79га караган жашында кетти. 30 жылдан бери кино жаатында бир нерсе жаратканга мүмкүнчүлүк бербей келдик. Демек, 49 жашынан бери, күчкө толуп, акылы толуп “мына мен иштейм, мына мен чыгам” деген мезгилдерден бери, бүтүндөй өмүрүн текке кетирдик. Болот агабызга Москвадан Кончаловскийлер, Аринбасаровалар не деген залкарлар, СССРдин кино жылдыздары 75 жылдыгына карата видеокуттуктоолорду жөнөтүштү. Голивуддун мыкты режиссерлору куттуктап жатышты. Ал эми Кыргызстандын маданият министрлигинин бир өкүлү да көңүл бөлүп койгон жок.

Айта кетсек, белгилүү режиссёр Болот Шамшиев узакка созулган оорудан улам, 21-декабрь күнү 78 жаш курагында президентке караштуу атайын адистештирилген оорукананын жандандыруу бөлүмүндө акка моюн сунган.

Советтик жана кыргызстандык кинорежиссёр, сценарист, актёр Болот Шамшиев 1941-жылы 12-январда туулган.  Ал «Ак кеме», «Караш-Караш», «Сүйүү закымдары» сыяктуу бир катар белгилүү фильмдердин режиссёру жана «кыргыз кереметинин» көрүнүктүү өкүлү болуп саналат. Шамшиев 1975-жылы Кыргыз ССРинин Эл артисти наамына, 1977-жылы СССРдин Мамлекеттик сыйлыгына татыган. Ал эми 1991-жылы СССРдин Эл артисти наамын алган.

Copyright © 2017 Maral FM