Биз менен байланышыңыз

Оң рулдуу унааларды 2025-жылга чейин айдоо сунушталды

Коом | 24 Дек 2019 | 875 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Эргешов 2020-жылдын 1-январынан баштап оң рулдуу автоунаа менен жүргүнчүлөрдү жана коммерциялык жүк ташууга тыюу салган мыйзамга өзгөртүү  киргизүү демилгесин көтөрдү. Мыйзам долбоорунда оң рулдуу автоунаа менен эл ташууга салынган тыюуну 2025-жылдын 1-январына чейин узартууну сунуш кылды. Кыргызстанга оң рулдуу уналарды алып кирүүгө да тыюу салынган, бирок катталган унаалардын 40 пайызы оң рулдуу. Учурда бул мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Оң рулдуу унаалар көбүрөөк жол кырсыктарына кабыла турганын Ички иштер министрилиги билдирген.

Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Эргешов оң рулдуу автоунаа менен эл ташууга  тыюу  салууну  2025-жылдын 1-январына чейин узартуу демилгесин көтөргөнүн айтып, ал өлкөгө кирген унаалардын көбү оң рулдуу дейт. Ошондой эле, мамлекет жумушсуздукту жойбогондон кийин, иштеген айдоочуларга тыюу сала албай турганны кошумчалады:

-Ооба, негизи оң рулдуу унаалар менен жүк жана жүргүнчүлөрдү ташууга 2020-жылдын 1 январынан тарта тыюу салыныш керек эле. Бирок биз мөөнөттү дагы 5 жылга узартып жатабыз. Себеби өлкөдө 70% оң рулдуу унаалар катталган. Ал эми катталбаганы канча? Андан сырткары, оң рулдуу унааны көбүнчө узак жолго айдаган айдоочулар айдашат. Эгер мамлекет жумуш менен камсыз кыла албаса, биз аларга тыюу сала албайбыз. 

Залкар Мызарков 7 жылдан бери Орусияга жүргүнчүлөрдү ташып иштейт. Ал Кыргызстанда көпчүлүк оң рулдуу унааларды айдаганын айтып, оң руль же сол руль болобу эрежелерди сактаса, эч кандай кырсыкка кабылбайт деп эсептейт:

-Мен 7 жылдык тажрыйбама таянып айтат элем, айдоочу жол эрежелерин карап айдаса, кырсыкка учурабайт. Бизге оң рулду унаалар ыңгайлуу, мен сол рулдуу унааны айдап жүргөнмүн. Эми бул тыюу салуу мыйзам долбоорун узартканы жакшы, бирок сапаттуу оң рулдуу унаалар келип жатат. Анан эл ташыганга да ыңгайлуу болгондуктан, оң рулдуу унааларды айдайбыз. 

2015-жылдан бери эле Кыргызстанга оң рулдуу автоунааларды сырттан алып келүүгө тыюу салынган. Өкмөт оң рулдуу унаалар менен болгон жол кырсыгы көп катталып жатканын далил келтирген. Жыйынтыгында, Жогорку Кеңеш оң рулдуу автоунаа менен эл ташууга тыюу салуунун мөөнөтүн 2020-жылга чейин узарткан.

ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Тилек Исаев буга чейинки жүргүзүлгөн статистика боюнча кырсыктардын 30 пайызы оң рулдуу унаалардан боло турганын айтты. Бирок коопсуз долбоордун негизинде кырсык болгон жерлер аныкталганын айтып, ал кырсыктардын алдын алып жатканын айтты:

-Буга чейинки катталган кырсыктын көпчүлүгү оң рулдуу унаалар болгон. Коопсуз шаар долбоору иштеп баштагандан кийин кырсыктардын саны азайган, азыр камеранын жардамы менен кырсык көп болгон жерлерди аныктап, кырсыктарды алдын алуу иштерин жургүзүп жатабыз.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов  оң рулдуу унааларды айдоого чектөө койбош керек деген пикирин билдирди:

-Оң рулдуу унааларга тыюу салганыбыз менен, сүйлөшүү жолу менен кирип эле жатат. Бизде өзгөчө такси айдагандардын унаасы оң рулдуу. Ошондуктан биз айдоочуларды да ойлошубуз керек. Негизи, мен тыюу салынган мыйзамды улам узарта бербестен, оң рулдуу унааларга чектөөнү алып салыш керек деп ойлойм. Себеби алар такси айдап үй-бүлөсүн багып жатат, андан сырткары, эгер тыюу салынса, таксинин баасы да кымбаттайт. Кайра эле карапайыи элге оор болот. 

Кыргызстанга көбүнчө  Россия, Корея, Литва, Грузия, АКШ, Германия, Кытайдан унаалар алып келинет. Оң рулдуу унааларды коммерциялык багытта колдонууга тыюу салуу боюнча мыйзам 2013-жылдын 19-июлунда кабыл алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM