Биз менен байланышыңыз

Жекшембиге карата аба ырайы

Кыска кабар | 21 Дек 2019 | 613 | 0

22-декабрда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде, тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлө. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн: -4…..-9….күндүз: -3……-8C;

Таласта түнкүсүн: -7…..-9… күндүз: -4……-6°C;

Жалал-Абад, Ошто облустарында түнкүсүн: -1……-6….күндүз: -3…….2°C

Баткенде түнкүсүн: -2……-4….күндүз: -1…….-3°C

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн: -4…..-9….күндүз: -2……..-7°C

Нарында түнкүсүн: -12….-17…..күндүз: -4..……-9°C

22-декабрда Бишкекте кар жаашы күтүлөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын табы түнкүсүн  -6 … -8°C, күндүзү  -3 .. -5°C.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM