Таалайбек Нуралиев Өкмөткө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.
Нуралиев аталган кызматка ушул жылдын 27-февралында дайындалган болчу.
Кошумчалай кетсек, Таалайбек Молдалиевич ички иштер органдарында 1988-жылдан 2018-жылдын январь айына чейин кызмат өтөгөн. Бул аралыкта Ички иштер министрлигинин бир топ бөлүмдөрүнүн кызматтарында, ошондой эле Нарын, Ош, Талас, Баткен, Ысык-Көл ОИИБдин райондук бөлүмдөрүндө жетекчилик кызматтарда эмгектенип, 2010-жылдын декабрь айынан 2013-жылдын май айына чейин Нарын ОИИБдин башчысы кызматын аркалаган.