Биз менен байланышыңыз

«Азимбек Бекназаров элчиликти жөндөп кете алат»

Күн чекит | 17 Дек 2019 | 4046 | 0

Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси кызматына Азимбек Бекназаровдун талапкерлигин Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети жактырды. Комитеттин 12 мүчөсү Бекназаровдун талапкерлигин колдоду, бир депутат каршы чыкты.

Бекназаров Жогорку Кеңеште 2000-2005-жылдары депутат болгон. 2005-жылдагы бийлик алмашуудан кийин ал башкы прокурор кызматын аркалаган. 2010-жылдагы Апрель окуясынан кийин Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү катары өлкөнүн күч органдарын көзөмөлдөп турган.

Бирок анын дипломатиялык тажрыйбасы жок, тил билбегендиги коомчулукта сындалып жатат. Биз Мамлекеттик кадр кызматынын мурдагы жетекчиси Чолпонкул Арабаев менен маек курдук.

Марал: — Буга чейин башкы прокурор кызматын аркалаган, бийликтин бир топ кадамдарын сындап жүргөн, дипломатиялык кесипте тажрыйбасы жок талапкер Азимбек Бекназаровдун Малайзияга элчи болуп баруусуна сиз кандай карайсыз?

Чолпонкул Арабаев: — Биринчиден, мамлекеттик кандай гана кызмат болбосун, анын ичинен жогорку кызматтарга татыктуунун татыктуусу барышы керек. Экинчиден, татыктууну кантип тандоо зарыл? Эң башкысы кесипкөй деңгээли болушу керек. Андан сырткары, ар бир кызматтын квалификациялык талаптары бар.

Бирок бийликтин өзүнө ыңгайсыз болгон, бийликти анча жактыра бербеген адамдарды, саясатчыларды кызматка алып, чоң державаларга элчи кылып дайындоо адаты уланып келет. Бул өлкөнүн мурунку мезгилдеги тарыхында да, кийинки соңку жаңы тарыхта дагы кайталанып келе жатат. Мындай адат Бакиевдин бийлиги учурунда күчөгөн. Атамбаевдин мезгилинде уланып, азыр дагы болуп жатат.

Марал: — Алардын бийликти сындабай калышы үчүн, башкача айтканда “оозун басыш” үчүнбү?

Чолпонкул Арабаев: — Оозун басуу үчүн десек катуу болуп калар, эми бийликти сындай бербей, өзү барып иштеп көрсүн, мамлекеттик кызматта, айрыкча, элчи болуу үчүн кандай жоопкерчилик бар экенин сезсин деген максатта болуп жатса керек.

Мисалы, Атамбаевдин убагында жогорку мамлекеттик кызматтарда иштебеген жаш балдар Америкага, Кытайга элчи болуп барды. Ошол сыяктуу, бүгүнкү күндө да Азимбек Бекназаровдун Малайзиядагы элчи кызматына сунушталышы көпчүлүктү таң калтырып жатышы мүмкүн, бирок аларга салыштырмалуу Бекназаров жогорку мамлекеттик кызматтын бир топ баскычын басып өткөн.

Марал: — Элчилик кызматты жөндөп кете аларына ишенесизби?

Чолпонкул Арабаев: — Менин пикиримде, жөндөп кете алат. Анын жогорку юридикалык билими бар. Ошол эле учурда, чынында, Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчилигине тажрыйбалуу дипломаттар барганы жакшы. Мисалы, Малайзияга акыркы жылдары кимдер гана барып иштеген жок.

Марал: — Кыргызстан менен Малайзиянын стратегиялык мамилеси барбы? Же ал өлкөгө тажрыйбасы жок элчини жибергидей, алака бир калыпка түшүп калганбы?

Чолпонкул Арабаев: — Ачыгын айтканда, Кыргызстан менен Малайзиянын стратегиялык өнөктөштүк боюнча чоң бир мамилеси жок. Билим берүү тармагы боюнча анча-мынча алака түзүлүп жатат. Ал эми соода-экономикалык ымалада чоң жаңылык боло турчу нерсе жок. Туризм тармагында жылыштар бар экенин айтса болот. Эми алаканы жандандыруу азыркы бара турчу элчинин аракетинде болот.

Марал: — Бирок ал дипломат эмес, тил билбейт деп сындалып жатпайбы?

Чолпонкул Арабаев: — Чынында, элчиликке сөөгүнөн баштап мээсине чейин дипломат болгон кесипкөйлөр да бар. Бирок Азимбек Бекназаровдун мамлекеттик кызматтагы тажрыйбасы жогору. Муну да эске алуу керек. Менимче, Бекназаров үмүттү акташы керек эми, мамлекеттик бийликти сындап коюу бир маселе, өзү барып, салым кошуу — экинчи маселе.

Кыргызстандын кечээ, бүгүнүн билген, эли үчүн күйгөн адам ал жакка барып жатып албашы керек да. Мамлекеттик бюджеттин акчасын жеп жата бербей, элчи болуп бараткандан кийин ал жактагы жакшы нерселерди тартуу керек. Себеби чет өлкөдө жашап, иштеш чоң акчаны талап кылат. Айлыгынан баштап, турак-жайына чейин биздин мамлекет камсыз кылат эмеспи.

Copyright © 2017 Maral FM