Биз менен байланышыңыз

Кышкы туризмди өнүктүрүүгө Швейцариялык компания 2 млн доллар каражат бөлдү

Коом , Кыска кабар | 16 Дек 2019 | 526 | 0

Чүй облусундагы «Ак-Түз» тоо лыжа базасында 21-декабрь күнү кышкы туристтик сезон расмий ачылат.  Анда лыжа тебүүнү каалагандарга атайын акысыз консультация жүргүзүлөт. Туризм департаментинин директору Максат Дамир уулунун айтымында, чет элдик туристтерди көбүрөөк тартуу үчүн эс алууга бардык шарттарды түзүп, жарнама тармагын да өнүктүрүш керек.

-Биз кышкы туризмди өнүктүрүү боюнча бир топ долбоорлордун планын  иштеп чыктык. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 22 кышкы тоо лыжа базасы бар, алардын болгону он алтысы  иштеп жатат. Өлкөбүз тоолуу болгондуктан, лыжа базаны ачуу кыйынга турбайт, бирок эл аралык стандартка жооп бериши керек, чет элдик туристтер үчүн бардык шарттарды түзүшүбүз керек. Ошондой эле түштүктө да лыжа базага ылайыктуу жерлер бар, алсак Алай району, тоолуу аймактарга лыжа база ачууну пландап жатабыз. Оңдоого муктаж болгон лыжа базаларды кайра иштетүүгө пландарды түзүп жатабыз. Кыргызстан  кышкы эс алуу боюнча топ -10 рейтингге чыкканбыз. Чет элдиктер рейтингге карап көп келе баштады, биз жарнама тармагын дагы да өнүктүрүшүбүз керек.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбековдун Швейцарияга болгон иш сапарынын алкагында, туризм боюнча эки документке кол койгон. Келишимдин алкагында кышкы туризмдин инфраструктурасын оңдоо үчүн  швейцариялык компания 2 млн доллар каражат бөлгөн. Швейцария менен  10 жылга келишим түзүп, бул аралыкта лыжа базаларды заманбап жабдыктар менен камсыздоо каралган.

Кыргызстанда жалпы 22 тоо лыжа базасы бар, бирок учурда алардын он алтысы гана иштейт. Калганы оңдоого муктаж, аны кайра иштетүүгө чет элдик гранттардын жардамы керек. 2018-жылы Кыргызстан кышкы эс алууну өткөрүүгө сунушталган мамлекеттердин алдыңкы ондугуна кирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM