Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Мурдагы депутат Равшан Жээнбеков кармалды

Кыска кабар | 12 Дек 2019 | 1811 | 0

ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыштырдын жана жоруктарын бирдиктүү реестерине катталган Жазык кодексинин 244- беренесинин 2-бөлүмү (барымтага алуу) жана 264-беренесинин 1,2,3-бөлүмдөрүндө (массалык башаламандыкты уюштуруу) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүш иликтенип жатат.

Бүгүн 12-декабрь күнү жогорудагы кылмыш иштерин жасоого тиешеси бар деп, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты  Равшан Жээнбеков  кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Учурда Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Copyright © 2017 Maral FM