Биз менен байланышыңыз

Парламент Кой-Таш окуясы боюнча комиссиянын корутундусун талкуулайт

Кыска кабар | 12 Дек 2019 | 449 | 0

Бүгүн, 12-декабрда күндүзгү саат 14.00дө парламенттин жалпы жыйынында 2019-жылдын 7- 8-августунда Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиясынын ишинин жыйынтыктары талкууланат.

Буга чейин бул комиссиянын корутундусу парламенттин тармактык комитетинде талкуусуз жактырылып, жалпы жыйында кароого жиберилген.

Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия 29-августта түзүлгөн. Анын курамына вице-премьер Жеңиш Разаков баш болгон өкмөт өкүлдөрү, парламенттин бир нече депутаты, коомдук ишмерлер жана жарандык коомдун өкүлдөрү кирген.

Комиссия окуяга күбө болгондор жана Кой-Таш айылынын тургундары менен жолугушуп, ошондой эле тиешелүү органдардын өкүлдөрүнөн маалымат алышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM