Биз менен байланышыңыз

«Таза аба» долбоору боюнча коомдук угуу өтүүдө

Кыска кабар | 12 Дек 2019 | 519 | 0

Жогорку Кеӊеште депутаттар тобу тарабынан демилгеленген «Таза аба» долбоорун талкуулоого арналган коомдук угуу өтүп жатат. Иш-чарага депутаттар, тийиштүү мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, эл аралык жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү, адистер, эксперттер катышууда.

Демилгечи депутат Абдывахап Нурбаевдин айтымында, Кыргызстанда абанын булганышынан улам чыккан кесепеттер олуттуу көйгөйгө айланды, бул багытта шашылыш чараларды көрүү милдети турат.

Эл өкүлдөрүнүн сунушу менен “Абаны булгоонун булактары” жөнүндө изилдөө жүргүзүлүп, анын жыйынтыктары талданып чыккан.

Бул изилдөөнүн негизинде абанын булгануусуна жана айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизген зыяндуу заттарды пайдаланууну азайтууга багытталган мыйзам долбоору иштелип жатат.

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, Бишкек шаарындагы абанын булгануусунун негизги булагы автоунаалардан бөлүнүп чыккан уулуу газ, үйлөрдө жагылган катуу отундун түтүнү, чаӊ менен таштандылар болуп саналат. Дүйнөлүк банктын изилдөөлөрүнө караганда, ордо калаанын, анын ичинде жаӊы конуштардын тургундарынын 40 пайызы катуу отунду пайдаланат. Алар жаккан мештер болжол менен отунду 20-30 пайызга көп талап кылат.

Андан тышкары, имараттар талаптагыдай жылууланбагандыктан, жылуулук энергиясын жоготуу 60 пайызга чейин жетүүдө. Эксперттердин айтымында, Евробиримдиктин курамына кирген өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда жылуулукту жоготуу өлчөмү 5 эсеге көптүк кылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM