Биз менен байланышыңыз

Икрамов: Сириядагы мекендештерди алып келели

Кыска кабар | 12 Дек 2019 | 896 | 1
Сүрөт интернеттен алынды

Кыргызстан Сириядагы жарандарын мекенге кайтарып алып келиши керек. Мындай сунушту парламент жыйынында депутат Тазабек Икрамов айтып чыкты. Депутат башка мамлекеттер Сириядагы жарандарын, лагерлерде кыйналып жашап жаткан балалуу аялдарды өлкөлөрүнө кайтаруу аракетин көрүп жатканын айтып, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги да мындай аракеттерди күчөтүшү керектигин талап кылды.

Бүгүнкү күндө бардык мамлекеттер Сирияга согуш жүргөн аймактарга адашып, азгырылып барган, лагерлерде баш калкалап жүргөн жарандарын кайтарып келишүүдө. Биздин Тышкы иштер министрлигибиз да бул маселени карап койсун. Жаш балдарды, аял кишилерди мекенине кайтарыш керек. Азыр көп тургундар ушул маселе боюнча кайрылып жатышат. 


Сириядагы кыргызстандыктар Мекенине кайткысы келет (сүрөт, видео)


Кыргыз өкмөтү Сирияда жүргөн мекендештерди кайтаруу боюнча аракеттерди көрүп жатат. Ушул жылдын октябрь айында Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары Мирлан Тургунбеков Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, Сирия жана Иракта 500дөн ашык кыргызстандык жарандар качкындар үчүн лагерлерде жана түрмөлөрдө жатканын айткан.

Анын маалыматында, Сирия жана Ирактан кыргызстандыктардын балдарын өлкөгө кайтаруу маселеси боюнча мекемелер аралык жумушчу топ түзүлгөн. Аны вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жетектейт. Бүгүнкү күндө Сириянын лагерлериндеги жарандарды идентификациялоо аракеттери жүргүзүлүүдө.

Казакстандын атайын кызматы «Жусан» операциясынын алкагында Сирияга кеткен жарандарын кайтарып келүүдө. Өзбекстан дагы бул аракетти активдүү жасап жатат.

1 пикир

1 пикир

  1. Токур

    12.12.2019 11:38

    Сирияга оздору билип туруп кетишкен, алардын кайтып келген мамлекеттин коопсуздугуна залакасы тиет, терористерге тийип балалуу болгондору бар. Согушка даярдык лагерлерден откон. Алардын коз карашы ислам мамлекетин тузуу.
    Бул жерде комплестуу карап чечуу керек. Мисалы Россия сирияга оз алдынча кеткендерге кайтып келууго тыюу салган. Кыргызстан азыркы учурда орто Азия мамлекеттеринин ичинде эн коркунучтуу, ар турдуу коомдук уюмдарга, диний секталарга, агымдарга уруксат берилген. Алардын ичинде уруксаты жоктор дагы бар.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM