Биз менен байланышыңыз

Айтматовдун үй музейин мамлекеттин эсебинен оңдоо сунушталды

Кыска кабар | 12 Дек 2019 | 377 | 0

Депутат Дастан Бекешев жазуучу Чыңгыз Айтматовдун үй музейине көңүл бурулбай жатканын айтып, ага каражат бөлүүнү сунуштады.

Ал парламенттин бүгүнкү жыйынында сөз сүйлөп жатып, Айтматовдун үй музейин республикалык бюджеттин эсебинен оңдоо керектигин сунуштады.

Бүгүн улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү. Анын атын көчөлөргө берип, эстелигин орнотобуз. Бирок үй музейине көңүл бурбай жатабыз. Музейге чет мамлекеттердин жогорку кызматтагы адамдары, өлкө жетекчилери келип жатат. Мисалы, быйыл Айтматовдун үй музейине Орусия президенти Владимир Путин, Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев келди. Айтматовдордун үй-бүлөсүнүн музейди ремонттоого каражаты жетишпейт. Биз Айтматовдун Орусиядагы эстелигин тургузууга 2018-жылы 30 млн сом короттук. Ошондуктан бул музейди да республикалык бюджеттин эсебинен оңдосок жакшы болмок.

12-декабрь залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү. Ал Кыргызстандын атын алыска тааныткан дүйнөлүк деңгээлдеги таанымал жазуучу.

Чыңгыз Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Талас облусунун Шекер айылында туулган. Ал Кыргызстан менен бүткүл дүйнөнүн ортосуна руханий көпүрө түзгөн инсан, күчтүү руханий байлыгы жана туруктуу чыгармачылык изденүүсү менен тапкан табылгаларын коомго, окурмандарга берген эмгектери дүйнөгө белгилүү. Алар “Жамийла”, “Саманчынын жолу”, “Гүлсарат”, “Бетме-бет”, “Ак кеме”, “Кылым карытар бир күн”, “Кыямат” сыяктуу роман-повесттери.

Улуу жазуучу 2008-жылы 10-июнда көз жумган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM