Биз менен байланышыңыз

Жаңы жылды табигый балаты менен тосуу сунушталды

Коом | 10 Дек 2019 | 1018 | 0

Бишкекте жаңы жылга карата табигый балатыны орнотуу эстафетасы башталды. Бишкек мэриясы шаар тургундарын жасалма балатынын ордуна табигый балаты менен жаңы жыл тосууга чакырды. Шаар ичиндеги атайын түйүндөрдө жана базарларда  Крым, Тянь-Шань  жана башка карагайлардын түрлөрү сатылат. Жаңы жылдан кийин каалоочулар балатыларды эс алуучу жайларга  отургузса болот. «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери балатыларга кам көрүүнүн жолдорун жана кайсы жерге отургузуу керектигин айтып беришет.

Айлана-чөйрөнү жашылдандыруу максатында быйыл жаңы жылда тургундар жаш балатыны тамыры менен сатып алып, үйүнө коё алат. Мындай жол аркылуу быйыл табигый балаты менен жаңы жыл тосуп, ошондой эле шаарды жашылдандырууга да салым кошсо болот. Бишкек мэриясы жаңы жылдан кийин балатынын көчөтүн парктарга жана көп кабаттуу үйлөрдүн алдына отургузса болорун айтат.

Ийне жалбырактуу бакты отургузууга төрт райондун агрономдору жана «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасы жардам берет.

Бишкек мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетованын айтымында, борборду жашылдандыруу үчүн бул демилгени шаар тургундары менен бирлегикте ишке ашыруу пландалды.

-Шаар тургундарын калаабызды жашылдандырууга активдүү катышуусуна чакырып келебиз. Быйыл дагы жаңы жылга карата жакшы бир эстафета баштадык, шаар тургундары менен чогуу аткарсак дейбиз. Бул жылы Крым же Тянь-Шань карагайын, ошондой эле арча багын сатып алып, аны майрамга карата кооздоп, жаңы жылды тосуп алгандан кийин көп кабаттуу үйдө жашасаңыздар анын алдына же шаардын каалаган жерине отургузсаңыз, шаар көрк бермек.

«Бишкек жашыл чарба»ишканасынын башкы агроному Диля Байбориева балатынын баалары боюна жараша сатыла турганын айтты. Ошондой эле балатыны тамыры жана топурагы менен кошо отургузуу керектигин эскертти.

-Балатынын баалары ар кандай болот. Боюна, жашына  жана түрүнө жараша баалар коюлат. Алып жаткан учурда этияттык менен тамыры, куму менен алып барып орнотуу керек. Жаңы жылдан соң, балаты отургузула турган жерлерди көрсөтүп беребиз. Тургундар өздөрү барып отургузушат. 

Балатынын бааларына көз чаптырсак, боюна жана түрүнө  жараша 1500 сомдон жогору бааланып жатат. Балаты үй шартында 1 айга жакын убакыт турат, андан соң аны жерге отургузуу керек. Жумасына 2 жолу суу куюп туруу керек экендигин жеке менчик бак-дарак борборунун сатуучусу Анжела Алексеева да айтып өттү:

-Балаты 3-4 жума үй шартында турат. Андан соң сөзсүз жерге отургузуу керек. Ошондой эле ага маал-маал суу куюп туруу керек. Биз атайын контейнер менен сатабыз. Кардарлар жаңы жылга жакын сатып алышат. Азыр биз контейнерге салып, даярдап жатабыз. Балатынын түрлөрү бар. Түрүнө жана боюна жараша баалары коюлат.

Табигый балатыны отургузуу акциясы февраль айына чейин уланат.

Эскерте кетсек, Бишкектеги башкы балатыны кооздоого 7 млн сом бөлүндү. Борбордук ачянтка тигиле турган балатынын бийиктиги 27 метр, диаметри 12 метрди түзөт. Ошондой эле, «2020» деп аталган көлөмдүү шарлар жана чана сыяктуу бир катар инсталляциялар да орнотулат.

Борбордук аянттан сырткары, жаңы курулган «Ынтымак» паркына да балаты орнотулат.

Copyright © 2017 Maral FM