Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда ун кымбаттады

Коом | 9 Дек 2019 | 1383 | 0

Быйыл Кыргызстанда ундун баасы былтыркыга салыштырмалуу бир топ кымбаттаганы байкалат. Айыл чарба министирлигинин маалыматы боюнча, өлкөдө быйыл кылкандуу дан эгиндеринин түшүмүнүн аз болгондугу, ошондой эле ундун Казакстандан да кымбат баада импорттолушу себеп болгон. Бул жагдайлар ундун баасынын көтөрүлүшүнүн бирден-бир себеби болгону айтылууда.  Былтыр ушул эле мезгилде  республика боюнча I сорттогу бир килограмм ундун баасы орто эсеп менен 23,7 сом болгон. Ал эми быйыл I сорттогу бир килограмм ундун баасы орто эсеп менен 28,1 сомду түздү. Ундун кымбатташы менен нандын баасы да көтөрүлдү. Нан былтыр 23 сом болсо, азыр 28 сомго чыкты.

Асылбек Жапаров Аламүдүн базарында ун жана башка азык-түлүктөрдү сатып эмгектенет. Алармандар ун кымбат болсо да, айласыздан алып жатканын айтат. Сатуучунун айтымында, элдин көпчүлүгүнүн Казакстандын унуна болгон талабы күч.

-Мисалы үчүн 1100 сомдук ундар 1450 сом, ал эми 1200 сомдук ун 1500 смомго чейин көтөрүлдү. 1-2 сом көтөрүлсө байкалбайт эле, бирок ундун 10сомго кымбаттаганы элге кыйын эле болуп атат. Өзүбүздүн өндүрүшүбүз элдин талабын толук камсыздай албайт. Ошондуктан ата мекендик өндүрүштү жандандыруу керек. Алуучулардын  Казакстандын унуна болгон суроо-талабы күч. Казактын уну кымбат болсо да, аны алууга туура келет.

Быйыл ундун баасы былтыркы баага салыштырмалуу 4 сом 50 тыйынга кымбат сатылууда. Бир жыл мурда ушул айларда өлкө  боюнча II сорттогу ундун бир килограммы орто эсеп менен 17,7 сомду түзгөн. Ал эми зыркы учурда ундун бир килограммы орто эсеп менен 20,3 сомду түзүүдө. Бир жылдын ичинде ундун чекене баасы 14 пайызга жогорулаган.

Буга чейин материалдык резервдер фондундагы буудайды ун кылып тарттырып, өлкөнүн бардык аймактарында килограммын 23 сомдон сатыкка чыгарып келген. Казакстанда түшүм начар болгондуктан, кымбат импорттолуп жатат. Ал эми Кыргызстанда эгилген буудайдын аянты аз, ошол себептеп өзүн толук камсыздай албайт.

Кыргызстанга ундун көпчүлүк бөлүгү Казакстандан келет, жергиликтүү түшүм элдин муктаждыгын толук камсыздай албай турганын айыл чарба министрлигинин айыл чарба азыктарын илгерилетүү бөлүмүнүн жетекчиси Бекстултан Арзыбаев айтып өттү. Ал көпчүлүк дыйкандар үчүн буудай эгүү кирешесиз болуп, рентабелдүү болбогондугунан, кылкандуу эгинди багуу өзүн-өзү актабай калгандыгынан улам бул культураны өндүрүүдөн пайда жок экенин төмөнкүчө белгиледи:

-Ундун баасы 4 сом 50 тыйынга көтөрүлдү. Жергиликтүү дыйкандар буудай арзан болгондуктан, башка көп киреше берген азык-түлүктү өндүрүп жатат. Былтыр октябрь айында биринчи сорттогу ун 24 сом болсо, ал эми азыр 28 сомго чыгып жатат. Ошондуктан дыйкандарга жеңилдик берип, алардын түшүмүн жакшы баада өткөрүп беришибиз керек.  

Биринчи сорттогу бир мүшөк ун былтыр 750 сом болсо, ал эми быйыл 1350 сомго чейин көтөрүлдү. Мындай баа, албетте, карапайым калкты түйшөлтпөй койбойт.

Кыргызстандын “Тегирменчилер” комитетинин жетекчиси Рустам Жунушов Кыргызстанда 13 гана тегирмен иштеп жатканын айтып, сырттан буудай кымбат баада келгендиктен, ундун кымбат болуп жаткандыгын айтат.

-Буудайдын түшүмү аз болгондуктан, өзүбүзгө жетпей жатат. Ошондуктан ун тарттыруучу тегинмендер да убактылуу иштебей жатат. Азыркы учурда 13 гана тегирмен иштеп жатат. Ундун кымбатташы импорттко байланыштуу. Мына  быйыл Казакстанда түшүм аз болуп, кымбат баада келди. Сырттан ун кымбат келсе, биз да айласыздан баасын жогорулатып жатабыз. 

Эскерте кетсек, Орусиядан жаңы жылга чейин Кыргызстанга 20 миң тонна ун алып келинет. Келишим боюнча 100 миң тонна ун келиши керек. Быйыл ундун баасын туруктуу кармап туруу үчүн буудайдын түшүмдүүлүгүн жогорулатуу пландалып, «5-10 жылда буудайдын дүң жыйымын 1 млн тоннага жеткиребиз» деп Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги ишендирген эле.

Copyright © 2017 Maral FM