Биз менен байланышыңыз

Республикалык дүлөйлөр мектебинин 85 жылдыгы белгиленди

Кыска кабар | 7 Дек 2019 | 506 | 0

Бүгүн Республикалык дүлөй балдар мектебинин 85 жылдык юбилейи белгиленди. Жеринен кабарчыбыз билдиргендей, иш-чарага Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров, Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Марипов, тийиштүү мекемелердин жетекчилери калышты. Анда дүлөйлүк толук кандуу жашоого кедерги боло албастыгы, алардын коом менен бирге болушун камсыз кылуу үчүн мамлекет тарабынан бардык аракеттер көрүлөрү айтылды.

Майрамдык салтанатта конокторго балдардын аткаруусундагы концерт тартууланды.

Аталган окуу жайы 1934-жылы негизделген. Учурда 32 окуу кааналары бар. Алардын катарында спорттук зал, чеберчиликке, тигүүгө үйрөтүүчү класс, медициналык класстар бар.

Мекемеде 316 бала билим алып, аларды 88 мугалим окутуп эмгектенет.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM