Биз менен байланышыңыз

Мыйзам бузган телеканалдарга чара көрүлөт

Коом | 6 Дек 2019 | 700 | 0

2020-жылдан баштап Кыргызстанда “Телекөрсөтүү жана радиоберүү жөнүндө” мыйзамдагы жеңилдиктердин мөөнөтү аягына чыгат. Ошол себептүү мыйзамды толук сактабаган телеканалдарга  чара көрүлөт. 5 телеканал мыйзамды бузгандыгы үчүн эскертүү алды. Өлкөдө телеканалдардын саны өскөн менен, тажрыйбалуу адистердин жоктугунан берүүлөрдүн сапаты аксап жатканын жана ата мекендик өндүрүштүн жоктугу көйгөй жаратып келатканын эксперттер айтып келишет. Өлкөдөгү телеканалдардын азыркы абалы жана алардын кемчилиги тууралуу кеп кылууну туура көрдүк.

Телеканалдардын саны күн санап өсүүдө. Кыргызстанда жалпы  50дөн ашык телеканал обого чыгат. «Теле жана радио уктуруулар» жөнүндөгү мыйзамга ылайык, телерадио уюмдар автордук укуктарды сактоого тийиш. Ошондой эле, эфирдин 50 пайызы мамлекеттик тилде көрсөтүлүшү керек.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалыматында “Телекөрсөтүү жана радиоберүү жөнүндө” мыйзамдагы жеңилдиктердин мөөнөтү аягына чыгып, 2020-жылдан тарта мыйзамды толук сактабаган телеканалдарга мамлекет чара көрө баштайт.

Анткен менен, кээ бир телеканаладар мыйзамды сактаган учурда кенен аудиторияны камтуу кыйынга турарын айткандар да бар.

Көп учурда телеканалдарда автордук укук бузуулар болгонун, алардын мыйзам чегинде иштеши керектигин эксперттер эскертип келишет.

Телеканалдар уурулук жол менен каражат таап жатканын медиа эксперт Азамат Тынаев баса белгилеп, телекомпаниялардын  өздөрүүнүн өндүрүшү болушу керек экендигине токтолду. Телеканалдар мыйзам бузууларга аргасыздан барып жатканын, программалардын жана телерадио берүүлөрдүн 50 пайыздан кем эмеси ата мекендик өндүрүштөгү жана мамлекеттик тилде чагылдырышы керектигин кошумчалады.

-Бардык нерсе мыйзам чегинде болушу керек. Акыркы убакта телеканалдардын саны өскөнү менен дагы деле адистердин жетишпегендиги көйгөй жаратып жатат. Көпчүлүк телеканалдар ууруулук жол менен каражат таап жатат, бул интеллектуалдык уурулукка кирет. Мамлекеттик медианы сактап калуу үчүн аны иретке келтирүүсү керек. Бирок телеканалдар да аргасыздан ушул жолго барып жатышкандыгын, техникалык каражаттардын жетишпей жаткандыгы менен байланыштырышат. Ушундай темпте кете берсек, кийин иретке келтирүү оор болуп калат.

Телеканалдарын саны өсүп, аны менен катар онлайн контент өнүгүп жатканы бул чоң телеканалдарга атаандаштыкты гана жаратып жаткандыгы тууралуу НТС телеканалынын директору Миржан Балыбаев да өз сөзүндө айтып өттү.

-Чындыгында, мыйзамсыз, лиценциясы жок көрсөтүүлөрдү берген телеканалдар, мамлекеттик телеканалдарга бут тосуп жатат. Мамлекеттик жана жеке редакция кирешени жарнамадан гана табат. Ошондуктан мыйзам чегинде иштөө керек. Медианын өнүгүшү атаандаштыкты жаратып, телеканалдарын өнүгүшүнө жардам берет. Санарипке өткөндөн кийин телеканалдардын саны өстү, учурда 50дөн ашуун канал эфирге чыгууда. Сандык өсүш болгону менен жарнаманын баасы да түшүп кетти. Буга карата тийиштүү чаралар көрүлүшү керек.

Ал көрсөтүүлөр санарип форматына өткөндөн кийин телекомпаниялар көбөйүп, телеканалдар өзүн каржылай албай калганын да кошумчалап кетти.

«Alcazar Media» жарнама агенттигиини аткаруучу директору Александр КИМ медиа тармагы каражат талап кыларын, бирок кирешеси аз боло турганын айтып, телеканалдадын ишмердүүлүгүнүн сапаты төмөн болгондуктан, төмөн баага иштеп жатканын белгиледи.

-Телеканалдардын саны өсүп жатканы менен, дагы деле кесипкөйлүк төмөн болуп жатканы көйгөй жаратууда. Телекомпаниянын өзүнүн өндүрүшүнүн сапаты жогору болуш керек. Кардарлар 200 миң сомдук видеороликтин ордуна 30-50 миң сомдук баннер жарнама беришет. Бул жерден чоң айырма келип чыгып жатат. Демек, телеканалдарда каражат табуу тармагында тажрыйбалуу адистер жетишпейт. Башка мамлекеттерде мындай баннер жарнамалар дээрлик жокко эссе.

Мыйзамды сактабаган каналдарга 23 миң сом айыппул салынат. Ошол эле учурда Финансы полициясы, Башкы прокуратура, Монополияны жөнгө салуу агенттиги тийиштүү чараларды колдонот.

Кошумчалай кетсек, «Телекөрсөтүү жана радиоберүү жөнүндө» мыйзам 2008-жылы 21-январында кабыл алынган.

Copyright © 2017 Maral FM