Биз менен байланышыңыз

«Кыргызстан — аткезчилик үчүн ыңгайлуу өлкө»

Күн чекит | 5 Дек 2019 | 453 | 2

Жогорку Кеңеш өлкөдөгү аткезчиликти жоюу тууралуу өкмөттүн аткарып жаткан иштерин талкуулады. Анда негизги маселе өлкөдөн мыйзамсыз жол менен чыгып жаткан акча тууралуу болду. Экономист Эркин Абдразаков контрабанда маселеси тууралуу суроолорубузга “Күн чекит” программасында жооп берди.

Марал: — Буга чейин парламенттин эки комитети аткезчилик маселесин талкуулаган. Эми жалпы жыйында маалыматтар угулду. Фактылар тууралуу ар кайсы органдын маалыматтары бири-бирине дал келбеген учурлар да болууда. Бул алардын чыныгы жагдай кандай экенин билбейт дегенди түшүндүрөбү, сиздин оюңуз кандай?

Эркин Абдразаков: — Мен аткезчилик боюнча өкмөттүн өкүлдөрүнүн берген маалыматтарына ынанган жокмун. Себеби бирине-бири дал келбеген маалыматтар да айтылды. Депутаттар деле аябай жагалданып, социалдык тармакта маселе көтөрүп жаткан элди колдоп жатышты. Негедир бүгүнкү маалыматтар отчет үчүн эле берилген жооптой сезилди. Негизи, так, даана баа берилиши керек эле.

Мисалы, уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча да ар түрдүү маалыматтар айтылып жатпайбы. Буга чейин Ички иштер министринин орун басары өлкөдө кылмыштуу топ жок деп айткан болсо, бүгүн ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиев Кыргызстанда 421 жаран уюшкан кылмыштуу топторго мүчө экендигин айтты.

Бул жерде мыйзам иштебей жатат десек болот. Себеби аларды ким, кайсы критерий менен уюшкан кылмыштуу топко киргизген? Депутат уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болгондордун арасында оңолуп, уюмдан чыгып кеткендер барбы деп суроо берип жатат. Бирок аны ким мониторинг кылып, ким баа берет? Өздөрү кошуп, кайра өздөрү чыгарып атышат, бул нонсенс.

Бажы тармагындагы маселе боюнча айтсак, биз өзүбүздүн ички рыногубузду коргобойт экенбиз. Негизи, акча адалдоо, аткезчилик боюнча шугулдангандар кайсы өлкөнүн экономикасы алсыз, коррупция көп болуп, мыйзамдары иштебесе, ошол өлкөдө өз максаттарын ишке ашырууну көздөшөт.

Экинчиден, Кыргызстанды “черная дыра” деп коюшат. Өзбекстан, Тажикстан, Кытайдын түштүк регионунан товар аткезчилик менен алып келинет.

Марал: — Буга чейин парламенттин эки комитети биргеликте аткезчилик маселесин талкуулаган учурда, Финансы полициясынын төрагасы Бакир Таиров Кыргызстандан 17 банк аркылкуу 932 млн доллар чыгарылганын айткан. Бул ачыкка чыккан фактылар, бирок мындан башка дагы мыйзамсыз чыккан акча схемалары болушу мүмкүнбү?

Эркин Абдразаков: — Банк аркылуу которулган акчаны банкка ташып алып келип, кайсы жакка которулат, баары ачык көрсөтүлөт. Ал эми бажыда аэропорт аркылуу, темир жол же унаа аркылуу кетип жаткан схемада контрабанда бар. Себеби ал жерде декларацияны формалдуу түрдө эле толтуруп коюшат. Башкача айтканда, ал жерде уюшуп алган кылмыштуу топ бар. Мисалы, чек арачылар, бажычылар сүйлөшүп алып эле кетирип жиберишет. Акча жеткен өлкөдө маселе чыкса, мына декларация толтурулду деп формалдуу документти көрсөтүшөт. Эгер баары жакшы десе, ал декларацияны айрып салат, ал каттоодон да өтпөйт. Ал жөн эле кагаз. Ошону автоматтык түрдө каттай турган система орнотуу керек. Эми азыр Кытай менен чектешкен жерге орнотушуптур, бирок кээде техникалык сбой болуп, иштебей калып жатат деп жатышат, бирок мындай болбошу керек.

Марал: — Бирок коррупция тууралуу айтып чыккан эки чек арачыга издөө жарыяланды деген маалыматтар жүрөт, бул канчалык туура деп ойлойсуз?

Эркин Абдразаков: — “Азаттыктын” иликтөөсүндө эки чек арачы, полковник теледен жүзүн жашырбай эле ачык айтып берип жатышат. Эми ошолорду укук коргоо органдары издеп таппай жатканы уят иш. Себеби өздөрүнүн чоң коррупциялык иши ачыкка чыгып калуусунан коркушат.

Менин таң калганым — аткезчилик менен кармалып калган жөнөкөй жарандардын ишин да Аскердик прокуратурага берип коюп жатышат, аны караган башка орган бар. Бул жөн гана убакытты создуктуруунун айласы, бири чыгарып жибергенди башкасы издеп жатат.

Мунун баары күч органдарынын бирдиктүү саясаты, кызматташтыгы жок экендигин көрсөтүп турат. Булар бири-бирине атаандашып, ким көбүрөөк аткезчиликтин бетин ачат, кимди президент байкап калат деп, же коомчулукка көрүнүү үчүн да жарышып жатышат.

«700 млн доллардын мамлекетке тиешеси жок» (видео)

2 пикир

2 пикир

  1. Токур

    06.12.2019 18:31

    Бийлик элдин жинин кайнаткан маселе, кылмышкерди качырып коюп артынан издоо салышканы, корупция гулдоп, дордой карасуу баарына эл батпай жатканда текшербей эми жеп ичкендер депутат, министр, олигарх болуп кеткенден кийин закон кабыл алышып, жей турган эч нерсе калбаганда текшеруу жургузуп. Эгерде чындап текшерсе союз бузулгандан бери ишканаларды банкрот деп, талап тоноп сатып жегендерди корупционерлерди мулк фондунун жетекчилери президент катары болуп калган, миллиондорду ошондо уурдашкан кустуруш керек. Райондук, шаардык, областык, жогорку кенешке депутат болуп отурушат. Эл нан таппай 1995 жылдары туштукто ачарчылык болгон маканин унун жеп, эт дегенди билбей калган уй булоолор болгон. Бут кийими жок балдары окууга барбай калган, ошондо шахтыларды, завод фабрикаларды талап тоноп байышкан. Элдик байлыкты элге бербей ким жетекчи болсо ошол жолун таап алып коюп, банкрот жарыялап элге эч нерсе берген эмес. Ошолор алардын куйруктары заманга жараша мамлекетти уурдап жеп, экономиканы онуктурбой келе жатышат. Миллионду уурдап элге жуз мин расход кылып батаа сын алып депутат болгондор.

  2. Токур

    06.12.2019 19:00

    Аткезчиликти жоюнун жолу таможый пошлинаны томондотуу керек, атуезчиликтен пайда тушпой турган кылып, бизде жок товарларга ГСМ, УН эн томон пошлина болушу керек элге да жакшы арзан болот, ошол товарды саткан эки уч адамдын кызыкчылыгы учун жалпы эл жабыр тартып жатат деп эч ким айтпайт.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM