Биз менен байланышыңыз

Активист Афтандил Жоробеков үй камагына чыгарылды

Кыска кабар | 5 Дек 2019 | 852 | 0

“БеспределKG” баракчасынын негиздөөчүсү Афтандил Жоробеков үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алды.

Бүгүн, 5-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Афтандил Жоробековдун баш коргоо чарасын өзгөртүүнү карады. Сот имаратынын алдына анын жакындары чогулду.

Эске салсак, 24-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети “Беспредел KG” маалымат булагынын администратору Афтандил Жоробековду аймактар аралык кастыкты козутууга аракет жасады деп айыптап, камакка алган.

Сотко чейинки өндүрүштө Бишкектин Биринчи май райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, 2020-жылдын 24-январына чейин УКМКнын тергөө абагында калтыруу чечимин чыгарган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM