Биз менен байланышыңыз

«Өлкөдөн 10 миң доллардан ашык акча декларациясы жок чыкса, ал контрабанда»

Кыска кабар | 5 Дек 2019 | 684 | 0

Жогорку Кеңештин дептуаты Рыскелди Момбеков Кыргызстандан декларациясы жок акча чыгарылса аткезчилик болуп эсептелеби деген суроо койду. Момбеков парламентте аткезчилик менен күрөшүү тууралуу өкмөттүн маалыматы угулуп жатканда “Азаттык” радиосунун иликтөөсүндөгү өлкөдөн чыгарылды деген акча чыны менен контрабандабы деп сурады.

Буга Бажы кызматынын өкүлдөрү толук кандуу жооп бере албагандыктан, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жооп берди.

Анын айтымында, ЕАЭБдин Бажы кодексинин 260-беренесине ылайык, бажы декларациясы Биримдиктин бажы аймагына киргенде же чыкканда акча каражатынын же жол чектеринин жалпы суммасы 10 миң доллардан ашкан учурда жазылат.

Депутат Момбеков өкмөттү аткезчилик менен күрөшө албай калдыңар деп сындап, отставкага кетүүгө чакырды.

“Азаттык” радиосу, “Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору” жана “Kloop” порталы биргеликте дагы бир иликтөө жарыялашты. Анда нак акча ташыгандардын түйүнү жылдар бою миллиондогон долларды Кыргызстандан мыйзамсыз чыгарып турганы, көмүскө акча агымы коррупцияны күчөтүп, мамлекеттик казынага зыян келтирип, адам өлүмүнө да себепчи болуп келгени баяндалат.

Бул системанын ийне-жибине чейин билиш үчүн декларациялардын, авиакаттамдардын, Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматы жана башка документтери текшерилип, бир катар интервьюлар алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM