Биз менен байланышыңыз

Алдыдагы апаат: 60 млн бала ачкачылыктын азабында

Блог , Дүйнө | 5 Дек 2019 | 738 | 0

БУУнун маалыматына ылайык, 2020-жылы жер планетасы боюнча 168 миллиондой адам, ар бир 45-адам гуманитардык жардамга муктаж болот. Анын 60 миллионун балдар түзөт. Дүйнө боюнча жакырчылыктын өсүүсүнө куралдуу тирештер, климаттын өзгөрүүсү себеп болууда. Баяндамада эскертилгендей, эгерде жашоо ушундай темпте улана берсе, абал мындан да коркунучтуу болушу мүмкүн.

Согуш курмандыктары

Уюмдун баяндамасында айтылгандай, согуштун курмандыгы болгон балдардын саны 2019-жылы 12 миңге жеткен. Бул тууралуу БУУнун өкүлү Марк Локок өз баяндамасында айтты. Тилекке каршы, быйылкы жылдагы жардамга муктаждардын көрсөткүчү рекорддук түрдөгү өсүш болгонун белгиледи.

Ал эмси UNICEFтин маалыматына караганда, дүйнөдө 59 миллион бала аман калуу үчүн гуманитардык жардамга муктаж.

Ошондой эле, Локок аялдар жана кыздардын коопсуздугу тууралуу сөз кылды. Анын айтымында, аялдардын зомбулукка кабылуу тобокелдиги өскөн. Лококтун айтымында, ыдык көрсөтүүнүн айынан конфликттүү аймактарда бештен бир адам психикалык көйгөйлөргө кабылган.

Глобалдык жылуулуктун запкысы

Маалыматка ылайык, жакырчылыктын дагы бир себеби бул- глобалдык жылуулук.

БУУнун өкүлү Марк Лоукок климаттын өзгөрүшү боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынышы керектигин билдирди. Анын айтымында, азыркы тенденция уланса, муктаждардын саны 2022-жылы 200 миллионго чейин өсөт.

БУУ билдиргендей, дүйнөдөгү 20 эң муктаж мамлекеттин 13ү табият кырсыктарынан жана глобалдык жылуулуктан жапа чегүүдө. Ошондой эле планетанын экономикалык абалы да жакшы эмес. Буга эки эң ири держава — Кытай менен АКШнын соода тиреши да себеп болууда.

2020-жылы БУУга гуманитрадык жардам үчүн канча каражат керектелет?

Куралдуу согуштун айынан учурда гуманитардык жардам үчүн 10 жыл мурдагыга салыштырмалуу 4-5 эсе көп каражат керектелет. БУУнун Башкы  катчысы Антонио Гуттериш мындай абалдан чыгуу үчүн донор-өлкөлөрдү ири суммаларды бөлүүгө чакырды. БУУнун маалыматына караганда, 2020-жылы муктаж болгондорго гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн 29 миллиард доллардай каражат керектелет. Бул сумма 53 өлкөгө берилери пландалган, алардын арасында Ооганстан, Ирак жана Гаити сыяктуу өлкөлөр да бар.

Copyright © 2017 Maral FM