Биз менен байланышыңыз

Ош облусунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыска кабар | 4 Дек 2019 | 375 | 0
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 4-декабрда саат 16:15те Ош облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Жер титирөө Алай районунун Бор-Дөбө айылында 3,5 баллга, Кара-Киндик жана Сары-Таш айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Такталган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Copyright © 2017 Maral FM