Биз менен байланышыңыз

Түтүндөн кантип арылса болот? Сунуштар…

Коом | 3 Дек 2019 | 797 | 0

Бишкекте абадан бөлүнүп чыккан зыяндуу заттардын жалпы көлөмү 240 миң тоннаны түзсө, анын 180 миң тоннасы автоунаалардын түтүнүнөн улам пайда болот. Шаардын четиндеги жаңы конуштарда арзан жана зыяндуулугу жогору болгон  көмүр жагылат. Айлана–чөйрөнү коргоо агенттиги Бишкек шаарынын айрым конуштары менен көчөлөрүндөгү абанын зыяндуулугун текшерди. Жыйынтыгында, абадагы кирдин көрсөткүчү 4 эсеге көп экенин аныкташкан. Мындан улам, жарандык активисттер жана шаар тургундары өкмөттүн буга каршы чара көрүүсүн талап кылышууда.

Дүйнөдөгү абасы булганган шаарлардын биринчи катарында Бишкек шаары турат. Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин берген маалыматы боюнча, Бишкектин абасынын 80 пайызын автоунаалардан, 14 пайызын ЖЭБден, калганын резина, мончолорго жагылган тигүү цехтеринин калдыктарынан чыккан түтүн, ошондой эле түрдүү химиялык каражаттар булгайт.

Бул багытта мыйзам долбоорго өзгөртүү киргизүүнү  13 депутат колдоп, ал эми калганынын кайдыгер экенине нааразы болгон «Greeny Energy» коомдук фондунун өкүлү Анара Султангазиева абанын булганышынын алдын алуу боюнча сунуштарын айтты:

Акыркы жылдары абанын булганышы күч алды. Биз айткан менен, бирок мыйзам чегинде чаралар көрүлбөсө, ишке ашпайт экен. Сентябрда абанын тазалыгын сактоо боюнча мыйзамга  өзгөртүүлөрдү киргизүү учурунда көпчүлүк депутаттар добуш берген эмес. Демек, буга бийлик өкүлдөрүнүн кайдыгер экени ачык-айыкын көрүндү. Бирок биз өз сунушбузду айтып, маселенин мыйзам чегинде чечилишин талап кылышыбыз керек. 

Бишкектеги абанын зыяндуулугу дрон жана атайын аба өлчөөчү аппарат менен текшерилди. Мисалы, алардын ичинен Бакаев—Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде диоксид азот боюнча концентрациянын деңгээли тийиштүү нормадан 2,7 эсеге көп, абадагы кирдин көрсөткүчү 1,6 эсеге жогору болгону аныкталган.

ЖЭБдин мору дагы 50 метрге узартылды, мурда жалпы узундугу 100 метр  болгон. Ошондой эле быйыл зыяндуу түтүн чыгаргандарга 1 миллион сомдон ашуун айып салынды.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин профилактикалык медицина илимий борборунун башчысынын орун басары Кубат Садырбеков абанын булганышы өпкө жана башка коркунучтуу ооруларга чалдыктырарын айтып, медициналык беткап тагынып жүрүү кайсы бир дэңгээлде жардам берерин белгилеп өттү:

-Түтүн адамдын ден-соолугуна өтө зыяндуу таасирин тийгизет. Өзгөчө, өпкө жана башка оорулардын козголушуна алып келет. Өзгөчө, балдарга жана боюнда бар аялдарга жана кан басымы төмөн адамдарга кооптуу. Ошондуктан азырынча бет кап тагынып, үйдө абаны тазалоочу аппараттарды колдонуу керек.

Андан сырткары, абанын булганбашы үчүн жаңы технологияларды колдонуу, бул мыйзам чегинде чечилиши керек экендигин көз карандысыз эксперт Максат Мамытканов айтты. Ошондой эле, ал сапатсыз бензиндин ташылышына да буга бөгөт коюу, сапаттуу күйүүчү майды киргизүү керектигин белгилейт.

Мамытканов депутаттар өз кызыкчылыктарын көздөп, элдин укугун бузуп жатканын айтып, мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүсүн талап кылды.

Ал жылына сырттан 1 млн литрден ашык сапатсыз күйүүчү май алып келинери тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди:

-Негизинен, автоунаалар колдонгон сапатсыз күйүүчү майлардын кесептинен жана зыяндуулугу өтө жогору болгон көмүр жагылганынан болуп жатат. Демек, бул маселе  мамлекеттик деңгээлде  каралып, мыйзам чегинде тыюу салынышы керек. Кыш баштала элек, ноябрь айында эле Бишкек дүйнөдөгү эң булганыч шаарлардын катарына кирди. Эгер биз быйыл чара көрбөсөк, мунун азабын тартып калабыз, — деди. 

Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев абаны булгануудан сактоо багытында айтылган сунуштарды карап чыгарын билдирип, өлкөгө сапаттуу күйүүчү майды алып кирүүгө, электромобиль унаалардын көбөйүшүнө шарт түзүлөрүн айтты. Ошондой эле абага зыян келтирилген учурда жеке жактарга жана юридикалык жактарга айыппул салынарын билдирди:

Биз буга чейин мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунушубузду бергенбиз. Учурда демилгебиз коомдук талкууда. Сырттан алынып келинчү электромобиль унаалардан жана анын тетиктеринен салыкты алууну жана ишканаларды тиешелүү органдар текшерип, отчет берип туруусун талап кылып жатабыз. Жаңы жылга чейин токтом кабыл алып, абаны таза сактоо үчүн чараларды көрөбүз. 

Эскерте кетсек, буга чейин шаардык мэрия учурда Бишкекте абанын булганып тургандыгын, андыктан ден соолугу начар адамдарга бет кап кийүүсү керек экендигин эскерткен.

Социалдык тармактын колдонуучулары жана активисттер 4-декабрда тургундарды автоунаа айдоодон баш тартып, “Унаасыз бир күн” акциясын өткөрүүнү сунуштап жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM