Биз менен байланышыңыз

Өзбекстандын Хива шаары 2020-жылы Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору болот

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Дек 2019 | 389 | 0

Өзбекстандын Хива шаары 2020-жылы Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору болот. Мындай чечим Ош шаарында өткөн ТҮРКСОЙ эл аралык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн туруктуу кеңешинин 37-отурумунда кабыл алынды.

Өзбекстандын Хива шаарынын акими Собир Жуманиязов Ош шаарынан эстафетаны кабыл алып, Хива калаасы тууралуу баян жасады. Өлкөнүн маданият министринин орун басары Камола Акилова байыркы Хива шаары бүгүнкү күнгө чейин тарыхый көрүнүшүн дээрлик толугу менен сактап калганын белгиледи.

Хива Өзбекстандын батыш бөлүгүндө жайгашкан. Шаарда ачык асман алдында 16-кылымдан бери тарыхый жайлар сакталып калган.

Ош шаары 2019-жылы Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору болсо, буга чейин бул макамды Түркстан шаарынан тышкары Кастамону, Мары, Шеки жана Казан шаарлары алып жүргөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM