Биз менен байланышыңыз

Коррупция менен күрөштөн өндүрүлгөн акча 2 млрд сомго чукулдады

Кыска кабар | 2 Дек 2019 | 443 | 0

Коррупция менен күрөшүүнүн натыйжасында өндүрүлгөн акчаны топтоо боюнча ачылган бирдиктүү депозиттик эсепте 1 млрд 909,7 млн сом топтолду. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет кабарлады.

Анын ичинен эң көп сумманы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы 941,5 млн сом которсо, Башкы прокуратура 328,3 млн сом, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 332,7 млн сом, ал эми Ички иштер министрлиги 7 млн сом которууга жетишкен.

Экономикалык жана кызматтык кылмыштардан өндүрүлгөн акчаны топтоо үчүн бирдиктүү эсеп президент Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы менен 2018-жылдын июль айында ачылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM