Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков менен Пашинян кызматташууну талкуулашты

Кыска кабар | 28 Ноя 2019 | 345 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-ноябрда Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен жолугушту.

Жолугушуу Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун кезектеги сессиясынын алкагында өттү. Саммит бүгүн, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын төрагалыгы алдында өтөт.

Сооронбай Жээнбеков жана Никол Пашинян эки тараптуу кызматташтык маселелеринин кеңири чөйрөсүн, кыргыз-армян мамилелеринин, анын ичинде эл аралык уюмдардын жана интеграциялык бирикмелердин алкагында өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашты.

Тараптар өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө даярдыгын билдиришти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM